Украинадагы кырдаал: Турчинов Донецк облусунда террорчулукка каршы операция башталганын айтты (фото)



Украинанын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Раданын төрагасы Александр Турчинов Донецк облусунда террорчулукка каршы операция башталганын айтты.

Украинада жаңы түзүлгөн бийликке орусиячыл активисттер талаптарын коюп, административдик мекемелерди басып алышууда. Бийликке берилген мөөнөт аяктаса да, активисттер каршылыктарын токтотушкан жок.

Донецк шаарындагы милиция бөлүмүн активисттер басып алышкан. Сүрөттө “Молотов коктейли” менен өрттөп жаткан кези.

Өткөн жекшембиде БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулуп, Украинадагы каатчылыкты талкууга алды. Орусия Украинанын чыгышындагы демонстранттарга карата күч колдонбоого чакырды.

Украинадагы баш аламандыкта бир нече адам жаракат алды. Сүрөттө полициянын офицери жардам алып жаткан учур.

Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов өлкөнүн чыгыш тарабындагы саясий кырдаалды Орусия тараптан жүргүзүлгөн терс үгүттөөлөр экенин айтты. Ошого карабастан, референдумду колдоорун билдирди.

Луганск аймагындагы Украинанын коопсуздук кызматынын имараты куралдуу адамдардын көзөмөлүндө турат. Сүрөттө чиркөөнүн кызматкери чогулган элге кайрылууда.

Луганск аймагынын тургундары бийликке каршы лозунгдар менен акцияга чыгышууда.

Орусиячыл аскерлер тарабынан басып алынган Славянск шаарынын мэриясы куралчандардын көзөмөлүндө турат.

Киевдеги демонстранттар ички иштер министри Арсен Аваковдон баш аламандыктарды токтото албаса, кызматтан кетишин талап кылышууда.

Украинадагы мамлекеттүүлүктү колдогондор аз болсо да көчөлөргө чыгып турушат.

Орусиячыл активисттер Донецк аймагын “Элдик республика” деп атап, Орусиядан колдоо табууга үмүттөнүшүүдө.

Жума күнү, 11-апрелде жеке ишкерлер жана укук коргоо органдары Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк менен жолугушуп, аймактардагы референдум жүргүзүү маселелерин талкуулашты.

Донецк аймагындагы нааразылык билдирген тарап Украинанын премьер-министри менен жолугууга аракет кылды. Бирок ал эл алдына чыккан жок.

Донецк аймагындагы нааразылык билдирген тарап Украинанын премьер-министри менен жолугууга аракет кылды. Бирок ал эл алдына чыккан жок.

Донецк аймагындагы нааразылык билдирген тарап Украинанын премьер-министри менен жолугууга аракет кылды. Бирок ал эл алдына чыккан жок.
Украинанын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Раданын төрагасы Александр Турчинов Донецк облусунда террорчулукка каршы операция башталганын айтты. Бул тууралуу 15-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, парламенттин жыйынын ачып жатып операциянын максаты Украина элин коргоо, террорчулукту жана өлкөнү бөлүктөргө бөлгөндү токтотуу экенин билдирди. Ошондой эле Украинанын жарандарын Куралдуу күчтөрдүн катарына кошулууга чакырды.
“Баатырдыгын көргөзгүсү келген жарандарга сураныч менен кайрылам. Биз азыр милицияны жаңылап жатабыз. Украинаны коргогуңар келсе, Куралдуу күчтөрдүн катарына өз ыктыярыңар менен келгиле”,- деди Турчинов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

