super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда бир катар мыйзамдардын айрым жоболору бири-бирине шайкеш келтирилүүдө

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинде бүгүн, 15-апрелде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, өкмөттүн бир катар улуттук мыйзамдардын жоболорун бири-бирине шайкеш келтирүү демилгеси жактырылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, “КРнын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу”, “КРнын географиялык аталыштар жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө” жана башка мыйзамдарга түзөтүү киргизилгени жатат. “2010-жылы КРнын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынып, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилди. Мисалы, азыр “шаар тибиндеги калктуу конуш” деген түшүнүк жоюлуп, алар шаарга же айылга айланды. Андан сырткары “жергиликтүү кеңеш”, “айыл округу”, “өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү” деген сындуу жаңы түшүнүктөр киргизилди. Ошондон улам мыйзамдарда камтылган айрым түшүнүктөрдү бири-бирине шайкеш келтирүү зарылчылыгы пайда болду”,- дейт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер агенттигинин директору Накен Касиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: