ЖКнын төрагасынын фондунан үч эмдин ата-энесине акчалай жардам көрсөтүлдү
ЖКнын депутаттары Эркингүл Иманкожоева, Ирина Карамушкина жана Данияр Тербишалиев бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаарындагы №2-төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген үч эм кыз жана энесинин ал-абалы менен таанышып келишти. Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал айылынын тургуну Жумалиева Аида жаңы жыл алдында үч эм кыз төрөп, үй-бүлөсүнө чоң кубаныч тартуулады. Маалыматка ылайык, үч эмдин ата-энеси буга чейин бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен. Депутаттар Жогорку Кеңештин атынан жаш ата-энелерди куттуктап, наристелерге ден соолук, узун өмүр каалашты. Бул үй-бүлөгө ЖКнын төрагасынын фондунан акчалай жардам берилди.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

