super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "Ак үйдү" "Эл ордо" деп өзгөртүүнү сунушташууда

 

Парламент депутаттары Каныбек Иманалиев менен Малик Осмонов Жогорку Кеңештин имаратынын расмий атын, башкача айтканда, "Ак үйдү" "Эл ордо" деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоор сунушташты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкек шаары, Чүй-205 дарегинде жайгашкан административдик имаратта КРнын Президенти жана КРнын Жогорку Кеңеши иш жүргүзөт. Эл оозунда ал Ак үй деп айтылып келет. Бирок Ак үй АКШнын президентинин расмий резиденциясы экенин баса белгилеп кетүү зарыл. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин имаратынын расмий аты - Өкмөт үйү. Ошол эле учурда КРнын Өкмөтүнүн имараты Бишкек шаары Абдумомунов-207 дарегинде жайгашкан. Анын расмий аты - КРнын Өкмөтүнүн үйү.

Мыйзам долбооруна ылайык, Бишкек шаары, Чүй-205 дарегинде жайгашкан “Өкмөт үйү” деген ат “Эл ордо” деп алмаштырылат. 

КРнын Президентинин жана КРнын Жогорку Кеңешинин имаратын “Эл ордо” деп расмий атын алмаштыруу Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөсүнө, маданиятынын жана каада-салттарынын өнүгүүсүнө чоң салым кошот”,- деп жазылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: