super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Бажы тарифтери маселеси боюнча парламенттик угуу өттү

 

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште "КРнын Бажы тарифтери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.

 

Баяндама жасаган экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин айтымында, мыйзам долбоору ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана өлкөнүн ички рыногун коргоого багытталган.

 

"Учурдун талаптарын эске алуу менен 82 өнүм түрүнө карата бажы тарифин кайрадан ыраатташтыруу сунушталып жатат. Мындай демилге 2013-жылы эле көтөрүлгөн, бирок айрым бир жагдайларды иликтеп чыгуу зарылдыгынан улам ушул кезге чейин создугуп келди",- деди Ибраев.

 

Угууда айтылгандай, 48 өнүмдүн түрүнө бажы ченинин өлчөмү нөлгө түшүрүлөт. Анын ичинде Таш-Көмүр шаарында курулуп жаткан Форесплав заводунун жабдуулары, «Бишкек-Сүт» ишканасына четтен алынып келинчү мөмө-жемиш кошундулары бар. Андан сырткары айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалар да 6 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулат.

 

Бир катар депутаттар мыйзам долбоору кыйла кечеңдеп келгенин белгилөө менен бирге мыйзам долбоорунун кабыл алуу жүрүмүн тездетүү пикирлерин билдиришти.

 

Тармактык комитеттин төрагасы Карганбек Самаков парламенттик угуунун жүрүшүндө айтылган сунуштар талданып, алгылыктуулары эске алына турганын айтты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: