super.kg logo
  Саясат  

Оппозиция Бишкек ШИИББинин башчысы Турганбаев менен Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Сабаевдин отставкасын талап кылууда

 
Кечээ, 15-апрелде Улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде борбор шаарда өткөн митингдин катышуучуларын Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камаганы үчүн анын жетекчиси Мелис Турганбаев менен Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси З.Сабаевдин токтоосуз кызматтан кетүүсүн талап кылды. Мындай билдирүүнү кыймылдын басма сөз кызматы таратты.

Улуттук оппозициялык кыймыл атамбаевдик бийликтин качкын президент К.Бакиевдин кандуу жолуна түшүп, өлкөдө адам укугун тебелеп-тепсеген иш-аракетин кескин түрдө айыптайт. Митингге келген күнөөсүз адамдарды мыйзамсыз камап, жалган фактылар боюнча кылмыш ишин козгоо күч түзүмдөрүнүн жетекчилери уюштурган саясий чагымчылык болуп саналат.

Улуттук оппозициялык кыймыл карапайым калктын укугун тебелеген ИИМдин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору М.Турганбаев менен Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси, генерал-майор З.Сабаевдин мыйзам алдында жооп беришин жана жасаган кылмыштары үчүн кылмыш жообуна тартылышын талап кылат. Талаптар аткарылбаса, Улуттук оппозициялык кыймыл мыйзам чегинде жер-жерлерде ар кандай каршылык акцияларын уюштурарын эскертет.

Бийликтин тынч элге жана оппозициялык лидерлерге карата саясий куугунтугу элим, жерим деген азаматтардын күчтүү духун өчүрүп, эркин сындыра албайт!”- деп жазылат билдирүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: