super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токмок шаарындагы аскер бөлүгүндө көчмө жыйын өткөрдү

 

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 14-апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан аскер бөлүгүндө көчмө жыйын өткөрдү. Тармактык комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, депутаттар Курмантай Абдиев, Исмаил Исаков, Ирина Карамушкина аскерлердин жашоо шарты менен таанышты. Алар офицердик мейманкансын, ашканасын, мончо комплексин кыдырып, аскер бөлүгүнүн жеке курамы менен жолугушту. 

Көчмө жыйында аскер бөлүгүнүн жоокерлер тобу тарабынан чет өлкөлүк жаранга карата жасалган мыйзамсыз аракети каралды. КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев аталган маселе тууралуу маалымат берди. Ал тарбия иштерин жолго салуу, аскер кызматчыларынын психологиялык бейнесин иликтөө зарылчылыгын белгилеп, аскер бөлүгүнүн жетекчилерине карата көрүлгөн тартиптик чараларды жарыя кылды.

Аскер бөлүгүнүн жетекчилиги жоокерлер такай даярдык режиминде туруп, өздөрүнө тапшырылган милдеттерди аткарып жатканын билдирди. Жыйынтыгында айтылган сунуштар менен эскертүүлөрдү эске алуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: