super.kg logo
  Саясат  

Токтогулда жол кырсыгынан каза болгон милиционерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

 
Токтогулда жол кырсыгынан каза болгон милиционерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Тийиштүү жарлыкка КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон. Ага ылайык, президенттин резервдик фондунан жардам катары 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 
Эске салсак, 12-апрель күнү саат 07:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 236-чакырымында Тойота Дон-Хенг унаасы жолдон чыгып, 150 метр бийиктиктен кулап кеткен. Анын кесепетинен Ички иштер министрлигинин 2 кызматкери каза болгон. Алар: 1982-жылы туулган Нургазы Молдожакыпов жана Максат Жоробеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: