super.kg logo

Гидаят Оружев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси: “Айтматов көркөм сөздүн жаратуучусу гана эмес, баарынан мурда дүйнөлүк масштабдагы адам болгон” (фоторепортаж)

Китеп жасалгасы жана полиграфиялык жогорку сапаты менен айырмаланат. Ал окурмандардын кеңири чөйрөсүнө багытталган.
Чыңгыз Айтматов тууралуу бул китеп азербайжан жана орус тилдеринде.
Ал эми “Азербайжан – оттун өлкөсү” деп аталган китеп көргөзмөсүндө азербайжан авторлорунун китептери, публикациялары, ар кандай фотодокументтер, Азербайжан жөнүндө материалдар коюлган.

Аземге Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Осмоналиев жана Каныбек Иманалиев катышты.
Аземдин катышуучулары.
Аземге аксакалдар да келишкен.
Аземге аксакалдар да келишкен.
“Чыңгыз Айтматов – түрк духунун салтанаты” аттуу китептин бет ачары жана “Азербайжан – оттун өлкөсү” аталышындагы китеп көргөзмөсүнө арналган конференциянын жүрүшүнөн.

Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз улуттук китепканасында “Чыңгыз Айтматов – түрк духунун салтанаты” аттуу китептин бет ачары жана “Азербайжан – оттун өлкөсү” аталышындагы китеп көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын жана Азербайжандын парламент депутаттары, дипломатиялык корпус, эл аралык жана коомдук уюмдар, маданий жана илимий ишмерлер, массалык маалымат өкүлдөрү, Чыңгыз Айтматовдун туугандары, коомчулук катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө сөз алган Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оружев:Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Кыргызстан менен Орусиядан кийин эле Азербайжанда эң көп которулат. Улуу жазуучуну бүт дүйнө окуйт, билет жана сүйөт. 

Чыңгыз Айтматовдун зор таланты, ыймандуулугу жана толеранттуулугу көзү тирүүсүндө да, бүгүнкү күндө да коомдук аң-сезимдин калыптанышына, маданияттын өнүгүүсүнө таасир этүүдө. Ал көркөм сөздүн жаратуучусу гана эмес, баарынан мурда дүйнөлүк масштабдагы адам болгон”,- деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, “Чыңгыз Айтматов – түрк духунун салтанаты” китебин Азербайжан мамлекетинин Маданият жана маалымат министрлиги залкар жазуучунун 85 жылдык мааракесине карата чыгарган. Мааракеге арналып басылып чыгарылган бул китепте Чыңгыз Айтматовдун азыркы кезге чейин өз актуалдуулугун жогото элек улуу ойлору, кеңештери жана аны менен болгон баарлашуулар камтылган.

Ал эми “Азербайжан – оттун өлкөсү” деп аталган китеп көргөзмөсүндө азербайжан авторлорунун китептери, публикациялары, ар кандай фотодокументтер, аталган өлкө тууралуу материалдар коюлган.

Бул иш-чараны Азербайжан өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргыз улуттук китепканасы уюштурган. 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: