19-апрелде сүрөтчү Мамыралы Эшбаевдин жеке көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болот



19-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев
атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Мамыралы Эшбаевдин жеке
көргөзмөсүнүн ачылыш аземи орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде аталган музейдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Белгилей кетсек, Мамыралы Эшбаев 1959-жылы Ала-Бука районуна караштуу Ызар айылында туулган. 1985-жылы
Пржевальск педагогикалык институтунун көркөм графикалык факультетин аяктаган.
Анын эмгектери республикалык, облустук жана чет өлкөлүк көргөзмөлөргө коюлуп
келет. 1991-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
Учурда Ош гуманитардык университетинин доценти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.