super.kg logo

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Түштүк Корея элчилиги менен биргеликте күнөскана боюнча адистигин окутуу борборун ачууну пландоодо 

 

Кечээ, 15-апрелде КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Түштүк Корея мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ким Чанг Гю мырза менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Ким Чанг Гю Корея мамлекети тарабынан Сокулуктагы Арал айылында ачылган күнөсканадан  жылына 300 миң АКШ долларына жакын акча каражатына өндүрүлгөн продукциялар ички рынокко чыгарылып жатканын белгиледи. 

Ошондой эле элчи өндүрүлгөн акча каражатына ошол эле күнөсканада күнөскана боюнча адистигине окутуу борборун ачууну сунуштады. Бул сунушту министр да колдоп, республиканын жети облусунан жети адисти окутуу талапка ылайык болорун белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: