super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте инфекциялык оорулардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү

 
27-декабрда Бишкекте мэр Иса Өмүркуловдун катышуусунда инфекциялык ооруларга байланыштуу жыйналыш болуп өттү. Иш-чарага шаардагы мектеп директорлору, бала бакча жетекчилери жана саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты. Иса Өмүркулов Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментин жетиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сындап, 2012-жылы гепатит, кургак учук менен ооругандардын саны өскөндүгүн айтты. "Эмне үчүн медициналык кызматтар укук коргоо кызматкерлери менен бирге иш жүргүзбөйт? Мурда камалып чыккандардын кайсы жерде жашай турганын эч ким билбейт. Аларды каттоого алыш керек, анткени кургак учук сыяктуу ооруларды ошолор алып жүрөт",- деди Иса Өмүркулов.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: