super.kg logo
  Саясат  

Оппозиция өкүлү Мамбетжунус Абыловдун Мелис Турганбаевдин үстүнөн жазган арызы сотто 30-апрелде каралат

 

Оппозиция өкүлү Мамбетжунус Абыловдун Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевдин үстүнөн жазган арызы сотто 30-апрелде каралат. 

Бишкектин Свердлов райондук сотуна Мамбетжунус Абылов генералдын үстүнөн "жалган жалаа жапкандыгы үчүн кечирим сурап, моралдык чыгымга 1 миллион сом төлөп берсин" деп арыз жазган. Свердлов райондук сотунда бул ишти кароого судья Эльвира Жаркеева дайындалган. Судья бүгүн, 17-апрелде соттун биринчи отурумун 30-апрелге белгилеп, Мелис Турганбаев менен Мамбетжунус Абыловго чакыруу кагаздарын жөнөттү. Бул тууралуу М.Абылов билдирди.

Эскерте кетсек, Абылов Улуттук оппозициялык кыймылдын 10-апрелге белгиленген митингинин алдында митингдин коменданты болуп дайындалган болчу. Ал Бишкек шаардык милициянын башчысы Мелис Турганбаевге "митинг учурунда тартипти сактаганга чогуу аракет кылалы, келишим түзөлү" деп кат жөнөткөн. Бирок Мелис Турганбаев "Мамбетжунуска кылмыш иши ачылган, мен тергөөдө жүргөн киши менен келишимге кол койбойм" деп келишимден баш тарткан. Ал эми Мамбетжунус Абылов: "Мага өмүрүмдө бир да жолу кылмыш иши ачылган эмес. Жалган жалаа жапканы үчүн сотко берем”,- деп Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: