super.kg logo
  Саясат  

Айбек Осмоналиев: "Кыргыз тамекиси" корпорациясын өнүктүрүү жолдору иликтенип жатат"

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен Айыл чарба жана мелиорация министрлиги акциясынын 98,9 пайызы мамлекеттик "Кыргыз тамекиси" корпорациясын ушул калыбында калтыруу сунушун берген. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын 18-апрелдеги жыйынында экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

"Кыргыз тамекиси" корпорациясы 1996-жылы түзүлүп, табигый монополияга ээ ишкана болуп саналгандыгына карабай экономикалык жактан өнүгүү көрсөткүчтөрү өтө төмөн болгондуктан, анын ишин оптималдаштыруу же жоюу сунушу берилгени айтылды. Ишкана 2012-жылы 92 миң сом киреше менен чыгып, 9,6 миң сом киреше салыгын, 200 миң сом дивиденд төлөгөн. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев мекеме алдында түзүлгөн атайын комиссия бардык мамлекеттик мүлккө инвентаризация жүргүзүп жатканын билдирди. "Комиссиянын курамында парламенттин беш фракциясынын өкүлү да кирген. Көп ишканалар эбак эле жабылып калганына карабастан, каттоодон чыгарылбай жүрүптүр. Алар четинен ыраатташтырыла баштады. Азыр "Кыргыз тамекиси" корпорациясын өнүктүрүү жолдору иликтенип жатат",- дейт ал.

Талкуу жыйынтыгында өкмөткө "Кыргыз тамекиси" корпорациясынын ишин бир айлык мөөнөт ичинде оптималдаштыруу чараларын көрүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: