super.kg logo
  Саясат  

ЮСАИДдин Жогорку Кеңешке колдоо көрсөтүү программасынын алкагында Изилдөө фонду түзүлдү

 

ЮСАИДдин Жогорку Кеңешке колдоо көрсөтүү программасынын алкагында Изилдөө фонду түзүлдү. Муну бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Изилдөө фондунун каржылык кору 200 миң доллар экени айтылды. Фонддун ишин курамы Жогорку Кеңеш менен программа өкүлдөрүнөн турган Координациялык кеңеш иретке салат жана долбоор 2014-жылдын апрель айынан 2015-жылдын июль айына чейин иштейт.

"Жогорку Кеңештин аппараты, тармактык комитеттер, фракциялар, депутаттык топтордон түшкөн тапшырмаларды аткарууга изилдөө институттары, аналитикалык борборлор, жарандык коом уюмдары, көз карандысыз эксперттер тартылат. Алар Координациялык кеңеш тарабынан тандалып алынган өтө маанилүү маселелер боюнча аналитикалык изилдөөлөрдөн тарта мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга чейинки тапшырмаларды аткарышат",- дейт программанын изилдөө иштери боюнча менеджери Санжар Жумадылов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: