super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин "Людмила Александровнаны турмушка узатып, анан өз жашоом тууралуу ойлоном" дейт. Бүгүн Новосибирск шаарынын пенсионери Путинанын колун сурады

 
Пенсионер Юрий Бабин.
Юрий Бабин 2012-жылы тыйындар коллекциясын 19,9 миллион рублга сатыкка койгон. Тилекке каршы, кардар чыккан эмес.
Юрий Бабинди Орусияда "тыйын миллионери" деп таанышат.
Путин жубайы Людмила менен 2013-жылдын июнь айында ажырашкан. Алар 30 жылга жакын чогуу жашап, Мария жана Екатерина аттуу эки кыздуу болушкан.
Путин жубайы Людмила менен 2013-жылдын июнь айында ажырашкан. Алар 30 жылга жакын чогуу жашап, Мария жана Екатерина аттуу эки кыздуу болушкан.
Путин жубайы Людмила менен 2013-жылдын июнь айында ажырашышкан. Алар 30 жылга жакын чогуу жашап, Мария жана Екатерина аттуу эки кыздуу болушкан.

Кечээ, 17-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин эл менен кезектеги түз байланыш учурунда "Качан үйлөнөсүз?" деген суроого "Мен алгач мурунку жубайым Людмила Александровнаны жакшы адамга күйөөгө беришим керек. Ошондон кийин гана өзүм тууралуу ойлоно баштайм" деп жооп берген эле. А бүгүн болсо Новосибирск шаарынын тургуну, пенсионер Юрий Бабин маалымат каражаттары аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин мурунку аялы Людмила Путинанын колун сурады. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Юрий Бабин өз билдирүүсүндө "Мен 2008-жылдан бери бойдокмун жана Людмила Александровна Путинанын колун сурагым келет. Бул тууралуу 2 ай мурун эле ойлонгон болчумун. Кечээ Владимир Путин бул оюмду дагы бир жолу эске салды. Мен кыялым орундалат деп ишенем" деп айтып, жашы Путин менен тең экендигин кошумчалаган.

Юрий Бабинди жергиликтүү калк "тыйын миллионери" деп тааныйт. Анткени ал жалпы салмагы 7,5 тонна болгон 5 миллиондон ашык советтик жана Орусиянын тыйындарын чогулткан. Ал 2012-жылы бул коллекциясын 19,9 миллион рублга сатыкка койгон. Тилекке каршы, кардар чыккан эмес.  

Эске салсак, Путин жубайы Людмила менен 2013-жылдын июнь айында ажырашкан. Алар 30 жылга жакын чогуу жашап, Мария жана Екатерина аттуу эки кыздуу болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: