super.kg logo

Баткенде "Алтын өрөөн" фестивалы өзгөчө шаң менен белгиленүүдө (фоторепортаж)

 
Баткен өрөөнү.
"Баткен-2014" II Эл аралык форумунун жүрүшүнөн.
"Баткен-2014" II Эл аралык форумунун жүрүшүнөн.
"Баткен-2014" II Эл аралык форумуна 300дөн ашык конок катышты.
"Баткен-2014" II Эл аралык форумунун жүрүшүнөн.
"Баткен-2014" II Эл аралык форумунун жүрүшүнөн.
Фестивалдын катышуучулары.
Кары-жаш дебей фестивалга келишти.
Келген коноктор өнөрпоздордун таланттарына күбө болушту.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалда боз үйлөр тигилип, кыргыздын улуттук тамак-аштары келген конокторго тартууланды.
Ак элечек кийген апалар келген конокторду тосуп алышты.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Баткен шаарында чоң майрам. Дегеним, кечээ, 17-апрелде облуста туризмди өнүктүрүү максатында "Баткен-2014" II Эл аралык форуму өттү. Ага чет элдик инвесторлор катышып, айгүл гүлдөрүнүн жанында эстеликке сүрөткө түшүшкөн. 
Ал эми бүгүн, 18-апрелде Баткен жергесинде өрүктөрдүн жана айгүл гүлүнүн гүлдөшүнө арналган «Алтын өрөөн» фестивалы өтүүдө. Фестивалга Тажикстандын, Өзбекстандын чек арага жакын айылдарынын өкүлдөрү, Баткен шаарында жашаган ар түрдүү этникалык топтор жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова чакырылган. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинен кабарлашты.
Маалымдагандай, фестивалдын ачылышында Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов сөз сүйлөп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө бул иш-чара улут аралык ынтымакты, достукту бекемдөөгө чоң өбөлгө түзө аларын баса белгиледи. Келген коноктор эстрада ырчыларынын, элдик ырчылардын жана бийчилердин концертине күбө болушту. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
18.04.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгул таштагы тургузуп койгон темирдеги сурот, сурот бойдон калбай ишке ашса ото жакшы болмок
18.04.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун экен, бир аз да болсо конул которулуп, саясаттан алысыраак, мындай иш чаралар, жер жерлерде коп-коп откорулуп турушуна тилектешмин.
19.04.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баткен буюрса ен сооонун онугот мындай иштер далай далай боло берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: