super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы шаар башчысы Иса Өмүркулов боюнча сот иши кийинкиге жылдырылды (фото)

 
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту.
Мурдагы шаар башчысы Иса Өмүркуловдун сот отурумуна келе жаткан учуру.
Бүгүнкү сот отурумуна айыпталып жаткандар толук келишти.
Күбөлөрдүн бири Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин мурдагы жетекчиси Каныбек Нарбаев.
Күбөлөрдүн бири Татьяна Бурова.
Сот залынан бир көрүнүш.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы.
Иса Өмүркуловдун жактоочусу Сергей Слесарев.

Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы шаар башчысы Иса Өмүркуловдун жана мэриянын айрым кызматкерлеринин иши боюнча соттук отурум болду. Ага айыпталып жатышкан Өмүркулов, Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетовдор келишти. Күбөлөр Каныбек Нарбаев менен Татьяна Бурова жактоочулар менен айыптоочулардын суроолоруна жооп беришти. Бирок күбөлөрдүн толук келбегендигине байланыштуу сот отуруму 24-апрелге жылдырылды.  

26-март күнү Башкы прокуратура Өмүркуловдун ишин Октябрь райондук сотуна өткөрүп берген эле.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-мартта мэр кызматтан кеткен. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: