super.kg logo

2010-жылы Германияда уурдалган автоунаа Кыргызстандан табылды

 

КРнын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери 2010-жылы Германияда уурдалган автоунааны таап, тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришти. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 12-апрелинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын автоунааларды уурдап качууга каршы бөлүмү Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кыргыз-казак чек арасынан Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү автоунааны кармашкан. Унааны Украинанын жараны башкарып бараткан. Текшерүүгө алганда Е.Г. аттуу жаран аталган унааны жасалма документтер менен айдап жүргөнү белгилүү болгон. Укук коргоочулар Интерполго сурамжылоо жөнөтүшкөндө, 2008-жылы чыккан Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаа 2010-жылы уурдалып, издөөгө алынгандыгы тууралуу жооп келген. Учурда жогорудагы унаа тууралуу чогулган материалдар тергөөгө жиберилип, унаа айып жайга токтотулду. Маалыматтарга караганда, унааны башкарып жүргөн Украинанын жараны автоунааны Кыргызстанда сатып жиберүүнү пландап жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.04.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4 жыл жакшы эле пайдаланыптыр да
18.04.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандан дагы коп еле нерсени тапса болот
18.04.2014. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир жердегилер машинасын саткандар сатып туруп эле кайра розыска берип коюша беришет да. Ошондой болсо керек бул деле. Угон болгон машинени границадан кантип откозмок эле. Просто розыска кечирээк берип калса керек. Лохотрондор просто
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: