super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ардагерлер уюмдарынын башчылары менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулады

 

Бүгүн, 18-апрелде президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ардагерлер уюмдарынын жетекчилерин кабыл алды.

Жолугушууда өлкө башчы 2015-жылы белгиленчү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо пландарын айтып берди. “Жеңиш майрамын белгилөө максатында өкмөттө премьер-министр жетектеген уюштуруу комитети түзүлүп, иш-чаралардын тиешелүү планы бекитилген”,- деди Атамбаев.

Мамлекет башчы ардагерлер менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулап, мамлекеттик органдардын ишмердигинин негизги багыттары жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген пландар боюнча өз оюн ортого салды.

Президент согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине социалдык жактан жардам көрсөтүү, кыргызстандык жаш муундарды патриоттуулуктун жана жогорку адеп-ахлактык идеалдардын негизинде тарбиялоо маселелерине өзгөчө басым жасады.

Жолугушууга согуштун жана эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин уюмунун республикалык кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев жана өлкөнүн облустук жана Бишкек жана Ош шаарларынын ардагерлер уюмдарынын жетекчилери катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: