super.kg logo

"Тамашоу": "Позитифф" командасы Жазгы фестивалдын биринчи күнүндө "Мыкты команда" аталды (фоторепортаж)

 
"Тамашоунун" тамашасына боору эзилген көрүүчүлөр.
"Тамашоунун" тамашасына боору эзилген көрүүчүлөр.
"Тамашоунун" Жазгы фестивалына катышкан 21 команда эл алдына чыгышканда...
Калыстар тобунун чечимин чыдамсыздык менен күткөн командалар.
“Эң мыкты оюнчу” наамына “Тамашарики” командасынын 3 жигити татыктуу болушту.
“Эң мыкты тамаша” наамы 2 командага: “Арабаев” жана “Бишкек” командаларына ыйгарылды.
“Эң мыкты команда” наамын “Позитифф” командасы жеңип алды.
Бул жеңиш "Позитифф" командасына ийгилик алып келери шексиз.
Жеңүүчүлөрдүн кубанычында чек жок.
Жеңүүчүлөрдүн кубанычында чек жок.

Бүгүн, 19-апрелде Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун Жазгы фестивалынын 1-күнү өттү. 

Жазгы музыкалык фестивалда ат салышкан кыска форматтагы “Авангард”, “Асылкеч”, “Үч кошкон”, “Официанттар”, “Азми”, “МК шоу”, “Таластар”, “Apple” командаларынын катышуучулары мектеп окуучулары болушса да, дүйнө таанымы жогору экенин далилдешти. Калыстар тобу да алардын келечеги кең экенин белгилеп өтүштү.

Ал эми мыктынын мыктысы болуу үчүн ат салышкан "Позитифф", "Кыргыз двор", "Ассорти", "Тамашарики", "Бишкек", “Тумар”, “Арабаев”, “Бойдоктор”, “Мисс шоу”, “31-33”, “Кемин”, “National”, “Made in China” командалары биринен бири өтүп көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулашты.

Командалардын өнөрлөрүн режиссёр Рысбек Жабиров, эстрада ырчысы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын шеф-редактору Гүлзат Мамытканова, ырчы мырзалар Омар жана Арсен, юрист Жоомарт Жолдошев, Нурлан Алишеров (Ташчайнар) баалашты. Бардык командалар күчтүү болгондуктан, жеңүүчүлөрдү аныктоо оңойго турган жок.

Жыйынтыгында “Мыкты оюнчу” наамына “Тамашарики” командасынын 3 жигити татыктуу болушту.

“Мыкты тамаша” наамы 2 командага: “Арабаев” жана “Бишкек” командаларына ыйгарылды.

“Мыкты команда” наамына “Позитифф” курама командасы ээ болду.

Белгилей кетсек, эртең, 20-апрелде "Тамашоунун" Жазгы фестивалынын 2-күнү өткөрүлмөкчү.

"Тамашоу" долбоору түптөлгөндөн тарта элге мыкты тамашаларды гана тартуулап тим болбостон, өлкөнүн атын чыгарган командаларды тарбиялап чыгарууда. Бул долбоорго катышкан шайыр жаштар тапкычтыгы менен элди күлкүгө бөлөп, позитивдүү маанай тартуулап келишет. 

Анда такшалып жаткан улан-кыздар кыргыз элине бир гана күлкү тартуулабастан, таамай айтылган тамашалары менен коомдогу терс көрүнүштөрдү чымчып өтүшүп, аң-сезимин ойготууга салым кошуп келишет. Келечектен көптү үмүттөндүргөн өнөрлүү жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болгон долбоор аркылуу таанылган командалардын катышуучулары бүгүнкү күндө бийиктиктерди багындырышууда.  

Алар Орусияда өткөрүлгөн КВНге да катышып, өлкөнүн намысын коргоп келишет. Ошондой эле кыргыз тасмаларында комедиялык ролдорду жаратышып, ар кандай долбоорлорго тартылышып эл оозуна алынууда. Бул жагымдуу көрүнүш жыл санап кулачы кеңейип жаткан "Тамашоунун" келечеги мындан да кең экенинен кабар берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
19.04.2014. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хехехе
20.04.2014. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
боору эзилбей эле агентте олтурат гоо тиги жигит
20.04.2014. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
достор но неймге эмне болду экен а алар ойнобойт окшойт жазгы фестивальда(((( алар ойновосо мен тамашоуну корбойм такыр деп соз берем(((
20.04.2014. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
uluk_myrza1994, oshol tuuralu ech maalymat berishpei jatat
20.04.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул оюнга No name катышпады менимче. Себеби мага да кызык болуп жатат. Алар кечээ куну Ош шаарында тазалык акциясын уюштурушкан. Балким калыстар тобунун адилетсиз чечиминен конулдору калгандыр же жалпы эле ТАМАШОУдан. Баарыбызга белгилуу го, КАЛЫСТАР тобу качан болсо аларды артка тартып келишет. Эн мыкты команда алар!
20.04.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ошо да нонеймсиз тамашоу кызыксыз.
20.04.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар Ошто ишембилик кылып журушкон,
20.04.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нонейм быйыл чемпион болот да ошого даярданып журсо керек
20.04.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Но Нейм 6-Сезондо Чемпион Болот анан алар кетишет Тамашоунун кызыгыда калбайт 7-Сезонду корбойм азыркы команда анча кызык эмес тамашоунун 1-2-3-4-5 сезондору аябай кулкулу эле 6-сезондо но неймдин тамашаларына эле кулдум калганы кулкулуда эмес
21.04.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munara_00, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Модератор admin_superstan түзөттү 21.04.2014 10:11
21.04.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ABS, alatookg312, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Билдирүүлөрүңөр ө
Модератор admin_superstan түзөттү 21.04.2014 10:12
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: