Ош. Өкмөт башчы Барак эксклавындагы жашоочулардын көйгөйү менен жеринен таанышып, чечүү жолдорун талкуулады



Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 19-апрелде иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Барак эксклавында болду. Анда тургундарга Кара-Суу районунун Отуз-Адыр аймагынан жер тилкелери берилгендиги боюнча жана жаңы конуштун көйгөйлөрү менен таанышты. Ошондой эле айыл эли менен жолугушуп, маселелердин чечүү жолдорун талкуулады.
Жаңы конушка 150 орундуу 1 мектеп, 100 орундуу бала бакча жана фельдшердик-акушердик пункт курулары белгилүү болду. Айта кетсек, Барак эксклавында 743 жашоочу бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

