Абдырахман Маматалиев, вице-премьер-министр: "Зардалыдагы жарылуу кылдаттык менен иликтенет"

КРнын
Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев 18-апрелдеги Баткен облусуна болгон
иш сапарынын жүрүшүндө облустагы күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары менен
биргеликте Координациялык кеңешменин жыйынын өткөрдү.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анда аткезчиликти көзөмөлдөө жана аны менен күрөшүү боюнча ишти күчөтүү, чек ара аймагындагы жайыт маселелери жөнүндө
тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
керектигин айтты. Ошондой эле Зардалыдагы жарылуу боюнча атайын иликтөө тобу
түзүлгөндүгүн айтып, окуя кылдаттык менен иликтенерин кошумчалады.
Мындан сырткары
вице-премьер-министр Ак-Сай айылынын жашоочулары менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар
чек араны делимитация жана демаркациялоону тездетүүнү суранышты.
Жашоо шарттарды
жакшыртуу боюнча маселе козголуп, аймакта таза суу жана электр энергия менен
камсыз кылуу негизги маселелердин бири экени айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

