super.kg logo

"Тамашоу": “Nutstan” командасы Жазгы фестивалдын экинчи күнүндө "Мыкты команда" аталды (фоторепортаж)

 
“Мыкты команда” наамын “Nutstan” командасы өңөрүп кайтты.
“Мыкты тамаша” наамы “НКБ” командасына тапшырылды.
“Мыкты оюнчу” наамына “Универсал” командасынын Садык аттуу жигити арзыды.
Жазгы фестивалдын 2-күнүнө катышкан 18 команданын оюнчулары эл алдына чыгышты.
Позитивдүү маанай тартуулап жаткан команданын номеринен...
Жазгы музыкалык фестивалдын жүрүшүнөн...
Жазгы музыкалык фестивалдын жүрүшүнөн...
Жазгы музыкалык фестивалдын жүрүшүнөн...
"Тамашоунун" тамашаларына боору эзилген калыстар тобу.
Жазгы музыкалык фестивалдын жүрүшүнөн. Спорттогу коррупциялык көрүнүштү чагылдырган команда.
Күлкү сунган командаларга дүркүрөтө кол чапкан көрүүчүлөр.
Кыргыз улуттук гвардиясынын аскерлери да Жазгы фестивалга күбө болушту.
Күлкү сунган командаларга дүркүрөтө кол чапкан көрүүчүлөр.
Оригиналдуу формасы менен айырмаланган команда.
"Эң мыкты команда" наамын жеңген “Nutstan” командасы өнөрүн тартуулап жатат.
Келечектеги "Сomedy woman".
Ош жергесинен келген "Универсал” командасы.
Жазгы музыкалык фестивалдын жүрүшүнөн. Кинодо роль жараткан белгилүү каармандардын образында.
Жазгы музыкалык фестивалдын жүрүшүнөн.
Жазгы музыкалык фестивалдын жүрүшүнөн. Эрмек Нурбаевди жазбай туураган номер залда отургандарды кайдигер калтырган жок.
"Тамашоунун" тамашаларына боору эзилген калыстар тобу.
Жазгы музыкалык фестивалдын жүрүшүнөн.
Бул жолку таймаш музыкалык фестиваль болгондуктан, калыстар тобу өзүлөрүнө жаккан командаларды “Манас” айтуу, рэп, лирика жанры аркылуу аныктап, элге жарыялады. Ага күбө болгон көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен колдоп жатышты.
Бул жолку таймаш музыкалык фестиваль болгондуктан, калыстар тобу өзүлөрүнө жаккан командаларды “Манас” айтуу, рэп, лирика жанры аркылуу аныктап, элге жарыялады. Бирок калыстар тобунун мүчөсү Жоомарт Жолдошев ырдагандын ордуна "Кара жорго" бийин бийлеп берди. Аны көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен колдоп жатышты.

Бүгүн, 20-апрель күнү Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын Жазгы фестивалы жыйынтыкталды. Анда “Малышка Би”, “Марал”, “Без акцента”, “Нарын жаштары”, “Тентектер”, “SOS”, “Каракол”, “Ёлки-палки” командалары кыска форматта оюн көргөзүштү. Ал эми “Евраш”, “Weekend”, “Анара эмес”, “НКБ”, “Юракадемия”, “Nutstan”, “Нур”, “Универсал”, “Багыт”, “Элестет” командалары толук форматта өнөрлөрүн элге тартуулашты. Алардын өнөрлөрүн режиссёр Рысбек Жабиров, эстрада ырчысы Урмат УсеновSUPER.KG порталынын шеф-редактору Гүлзат Мамытканова, ырчы мырзалар Омар жана Арсен, юрист Жоомарт Жолдошев, КВНчи Улан Жолдошевдер баалашты.

Жыйынтыгында “Мыкты оюнчу” наамына “Универсал” командасынын Садык аттуу оюнчусу арзыды.

“Мыкты тамаша” наамы “НКБ” командасына тапшырылды.

 

“Мыкты команда” наамын “Nutstan” өңөрүп кетти.

"Тамашоу" - таланттардын ордосу. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон долбоор республиканын жети дубанынан келген азаматтардын башын бириктирип, патриоттук сезимди ойготууга өбөлгө түзүүдө. Өнөрүн өркүндөтүү максатында кадам таштаган ар бир команданын катышуучуларынын көзүндө жеңишке жетүү кыялы жанып турганы байкалат. 

Баёо сезимдүү жаштар ийгиликтерди багындыруу үчүн талыкпай изденүүнүн аракетин көрүп келгенин алардын мыкты тамашаларынан көрсө болот. Андыктан жумурай журттун ден соолугун узартып, күлкү тартуулаган өспүрүмдөр да "Тамашоу" долбоорунан атактуулукка жеткен командалардай эл оозуна алынып калчу күн алыс эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
21.04.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ, эрбол атабаев жонундо жанылык киргизип койгулачы. футбол ойноп атабы, каякта
21.04.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muslim7, сунушуңуз эсте болот.
21.04.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан видеосун коро алабыз?
21.04.2014. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 сезон бутконбу?? финал качан болот жана качан видеосу чыгат
21.04.2014. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор нонейм командасы неге ойногон жок алар?
21.04.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы? админ сураныч но нейм туурасында кененирек маалымат берип койунузчу алар неге ойногон жок? жана достор силерда билгенинерди жазып койунуздар, рахмат
21.04.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uluk_myrza1994, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
21.04.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
тамашоу аябай эле суз болуп калдыго.
21.04.2014. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламатсыздарбы натстан камандасына ийгилик .видеосун качан корсок болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: