super.kg logo

"Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагында Кыргызстандын намысын коргойт

 

"Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагында Кыргызстандын намысын коргойт. Финалчылар кечээ, 20-апрелде "Тамашоу" Лигасынын Жазгы фестивалына келип, жагымдуу кабар менен тең бөлүштү. Триодо "Тамадалар" курама командасынын оюнчусу Адилет Эркинбеков да бар. 

Белгилүү болгондой, 19-апрелде финалга катышуу үчүн Армения, Беларусь, Германия, Доминикан Республикасы, Замбия, Казакстан, Канада, Кыргызстан, Молдова, Орусия, АКШ, Тажикстан, Өзбекстан, Украина, Хорватия мамлекеттеринин ырчылары таланттарын калыстардын сынына коюшту. 

Калыстар тобунда Орусиядагы белгилүү маданият өкүлдөрү Филипп Киркоров, Игорь Крутой, Ирина Дубцовалар болушту. Быйыл сынак Юрмалада 22-июлдан 27-июлга чейин өтөт.

Бул сынакка катышуу үчүн жарым финалга Кыргызстандан Адилет Азимов, "Style Mix" триосу жана Дастан аттуу жаш талант да барган. Шарт боюнча, жарым финалда катышуучулар автордук, дүйнөлүк жана өлкөсүндө хит болгон ырларды аткарышат. 

Белгилей кетсек, аталган сынакка Кыргызстандан Омар, Арсен, Айбек Замиров, Бек Исраилов жана Айбек Бактыбеков катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.04.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылык ийгилик силерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: