super.kg logo

Ырчылар Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов Баку шаарындагы эл аралык сынакка катышуу үчүн жөнөп кетишти

 

Кыргызстандык 4 ырчы: Айбек БакытбековГүлжигит КалыковЖээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов 21-24-апрелде Баку шаарында өтүүчү "Патриоттук ырлар" Эл аралык сынагына жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде алардын куратору Өмүрбек Андарбеков SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн, 21-апрелде таңкы саат 06:30да жигиттерибизге ийгилик каалап, Баку шаарында өтүүчү эл аралык сынакка узаттык. Азербайжандын Жаштар министрлиги уюштуруп жаткан бул сынакка 20 өлкөнүн таланттары катышат экен. Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов тандалып алынды. Алар сынакта квартет катары композитор Муратбек Бегалиевдин "Кыргызстан" аттуу ырын ырдашат",- дейт Өмүрбек Андарбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: