super.kg logo

Ассоль Молдокматова декоративдик косметикалык каражаттарды чыгарган компаниянын жүзү болот

 

Белгилүү теледива, дизайнер Ассоль Молдокматова буга чейин зер буюмдарды, эмерек, уюлдук телефон, парфюмериялык каражаттарды жарнамалап келгендигин баарыбыз эле билебиз. Эми ал бир жыл бою "Jade" декоративдик косметикалык компаниясынын жүзү болот. Тагыраак айтканда, бардык басылмаларда анын каражаттарын жарнамаламакчы. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде ал SUPER.KG порталына билдирди. 

"Сулуулукту даңазалоочу "Jade" компаниясы негизи "Ga-De" деп аталат. Мен бул компаниянын каражаттарын 5 жылдан бери пайдаланып келем. Мындан дүйнөлүк стандартка жооп бере турган бетке жана денеге ылайыкталган каражаттар чыгарылат. Каражаттын курамына экологиялык жактан таза компоненттер кошулган. Кошулмалардын арасында атайын баалуу таштардын жана берметтин майдаланган компоненттери бар. Бул кошулмалар аталган компаниянын сулуулук каражаттарын мыкты сапатта сактап турат. Ушунун негизинде каражаттар гипоаллергендик болуп саналат. Алар сулуулукка чеги жок мүмкүнчүлүк тартуулайт. Аларды сатып алууга бардык айымдардын мүмкүнчүлүгү жетет",- дейт Ассоль айым бул компания тууралуу

Компания менен түзүлгөн келишимге жараша теледива гонорардын баасын коммерциялык сыр бойдон калтырууну туура көрдү. 

Ассоль айым өз сөзүндө компаниянын каражаттары Италияда, Германия, Швейцария, Франция жана Израиль өлкөлөрүнүн заводдорунан чыгарын жана алардын чыгышы тууралуу кенен маалымат алып келгендигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.04.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жыл откон сайын жашарып барасыз сулуулугунузга соз жок,ишинизге ийгилик каалаймын
21.04.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гонорар жакшы толонсо керек .
21.04.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талыкпай иштегенди Ассоль Молдокматовадан уйронуу керек. Дагы бир жакшы кабар!!!
22.04.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мисалы, Фаберликти, Мэри Кейди, пупаны, Лореальды колдоном. Кандай каражаттарды колдонорумду басылмаларга айтышым мүмкүн. Анжелика дагы бирин, Бактыгүл Бадыева дагы башка компаниянын каражаттарын колдонот. Бирок ошол жылдыздар ал компаниянын жүзү болду дегенге жатпайт да? Ассоль өзүн ушинтип пиарлаганын койбоду, журналисттер алданып жазганын коюшпады!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: