Жылнаама, 22-апрель: Мындан 144 жыл мурун Коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин туулган






Ал Токмок шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. 1942-1944-жылдары Ленинграддагы П.Ф.Лесгафт атындагы Мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган.
Эмгек жолун ушул институттун гимнастика боюнча кафедрасында иштөө менен баштап, ошол эле жерден аспирантураны аяктаган. 1953-жылы өз мекенине келип, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин алдындагы Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалык кызматын аркалаган.
Дөлөн Өмүрзаков жетекчилик кылып турган маалда көптөгөн спорттук оюн-зоок жайлар, анын ичинде “Спартак” стадиону, Кожомкул атындагы Спорт Ордосу ж.б. курулуштар курулган.
Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков спорт темасындагы бир нече китептин автору.
Бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ардак белгиси, Элдердин достугу ордендери жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Дөлөн Өмүрзаковдун ысымы 2011-жылы Бишкектеги борбордук стадионго берилген.

Ал 1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. Бул үчүн 1897-жылы кармалып, Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган.
Ал эми 1900-жылы Ленин чет өлкөгө кетип, Г.В.Плеханов менен бирдикте "Искра" гезитин чыгарышкан. Ал 1903-жылы большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп орус падышачылыгын тактан кулатып, бийликке келген.
Владимир Ильич Ленин бир партиялуу систем түзүп, Коммунисттик партиянын жетекчилигинде СССР мамлекетин түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп, оор жаракат алган. 1924-жылы январда ден соолугу кескин начарлап, 21-январь күнү каза болгон.

"15-апрелде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелген Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган.
Тамерлан Царнаев 1986-жылы Чеченстанда, Жохар Царнаев 1993-жылы Кыргызстанда төрөлгөн. Алар 2001-жылга чейин Кыргызстанда жашап, андан соң Түркияга, 2003-жылдан кийин АКШга көчүп кетишкени белгилүү болгон.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.