super.kg logo
  Саясат  

Кулмурзаев Ошто газдын жок болуп жатканын саясатташтырбоого чакырды

 

“Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Ошто газдын жок болуп жатканын саясатташтырбоого чакырды. Ал мындай оюн бүгүн, 21-апрелде журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Ош шаарына Өзбекстан тараптан газдын келбей калганын айрым саясатчылар саясатташтырып, өздөрүнө упай топтогонго аракет кылып жатышат. Ошондуктан мен саясатчыларды бул маселеден саясат жасабоого чакырам. Бул маселе чечилет”,- деди ал.

Ал Ош жана Баткен облустары боюнча 60 миңдей абонент Өзбекстандан алынуучу көгүлтүр от менен камсыз кылынарын белгилеп өттү. Бирок 15-апрелден бери газ токтогон. Өзбек тарап муну "Кыргызгаз" Орусиянын "Газпромуна" сатылып кеткендиктен, жаңы келишим түзүлө электиги менен түшүндүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: