super.kg logo

"Style Mix" триосу: "Жаңы толкун" сынагынын финалына өткөнүбүздү уккандагы сүйүнүчүбүздү айтууга сөз жетпейт"

 
Бири-бирине жагымдуу үндөрү, жылдыздуу келбети менен айкалышкан "Style Mix" триосунун солисттери.
"Style Mix" триосу.
Илима, 20 жашта. "Style Mix" триосунун солисти.
Талас Кемел уулу, 21 жашта. "Style Mix" триосунун солисти.
Адилет Эркинбек уулу, 22 жашта. "Style Mix" триосунун солисти жана гитаристи.
Келечекте мекендин сыймыгына айлана турган "Style Mix" триосу.

"Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагында Кыргызстандын намысын коргойт. Мындай кубанычтуу кабары менен бүгүн, 21-апрелде аталган топтун солисттери Талас Кемел уулу, Адилет Эркинбек уулу жана Илима SUPER.KG порталы менен бөлүшүштү. Келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчылар берилген суроолорго көңүлдөнүп жооп беришип, гитаранын коштоосунда ырдап отурушту.

- “Жаңы толкун” сынагынын финалына кандай өзгөчөлүктөр менен өтүп кеттик деп ойлойсуңар?

Адилет Эркинбек уулу: - Биз бул сынакка бир ай даярданганбыз. Тандоо туру 19-20-апрелде Латвия мамлекетинин Юрмала шаарында өттү. Сынакка катышуу үчүн жарым финалга Кыргызстандан Адилет Азимов жана Дастан аттуу жигит да барган. Буйрук экен, биз өтүп кеттик. Толкундануулар болду. Бирок элдин кол чаап, жакшы тосуп алганы ишенимибизди курчутту. Алардын колдоосу дем-күч берип, ырды мыкты аткарганга 100 пайыз күчүбүздү жумшадык. Ошентип, 2-турга өткөнүбүздү угузганда ошол түнү уктабай даярдандык. Эртеси ырдап чыккандан кийин финалга жолдомо ыйгарды. Эми ошондогу сүйүнүчүбүздү айтууга сөз жетпейт.

- Сынакка барууга ким жардам берди?

Илима: - Жардам бергендер көп болду. Алсак, кыргыз эстрадасындагы байкелер чоң жардам беришти. Эң негизгиси, Жаныбек Бакчиев, Алтынбек Сулайманов, Атай Бейшенбек уулу, Айбек Моноев аттуу агалар демөөрчү болушту. Достор, туугандар моралдык колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле бул жакта продюсерибиз Миргүл Эсеналиеванын эмгеги чоң.

- Силерге чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Ушул сынакта жеңүү үчүн кандай аракеттерди көрө баштадыңар?

Илима: - Кыргызстанды татыктуу даңазалоо үчүн катышууну гана эмес, жеңүүчү аталууну самап жатабыз. Өлкөбүздүн желегин желбиретип, Кыргызстанда да ушундай таланттуу адамдар бар экенин дагы бир ирет далилдегенге бел байладык. Хореография, вокалдык чеберчиликти арттыруу үчүн чоң даярдык алдыда күтүп турат.

- Силердин трио качан түзүлдү эле? Кандай себептерден улам "Style Mix" аталып калды?

Талас Кемел уулу: - Үчөөбүз бир жерде чогуу иштечүбүз, бири-бирибизди жакшы тааныгандыктан, топ түзүү идеясы жаралды. Көрсө, мурда эле ар бирибиздин көөдөнүбүздө "топ түзсөк" деген жакшы ой жашачу экен. "Жакшы тилек - жарым ырыс" дегендей, минтип биригип калдык. Биз бир багытта ырдабайбыз, рок, жаз, поп, RNB жанрында ырдаганды жактырабыз. "Style” - "стиль", "Mix" "аралаш" дегенди түшүндүрөт эмеспи. Ошондуктан байке менен ойлонуп отуруп топту "Style Mix" деп атадык.

- Буга чейин таанылбай жүрдүңөр эле, репертуарыңарда ырлар барбы?

Талас Кемел уулу: - Бир-эки ырыбыз бар, клип тартып жатабыз, жакында жарыкка чыкканы турат. Буюрса, дагы көп ыр жаздырабыз, келечек али алдыда.

- Башка өлкөдөн келген катышуучулар менен таанышууга үлгүрсөңөр керек. Алар менен өзүңөрдү салыштырып көрдүңөрбү?

- Адилет Эркинбек уулу: - Ооба. Алар менен ырдап да көрдүк, күчтүү экен. Дос болдук, сүрөткө түштүк. Чыгармачыл адамдар окшош болот эмеспи, тилибиз ар башка болсо да, бири-бирибизди түшүнүп жаттык. Германиядан барган Гладис аттуу кызды күчтүү дейт элек. Үнү укмуш экен. Башында барганыбызда эч ким көңүл бурбай, жаман карап жатышкан. Анан биздин аткаруубуздан соң көз караштары өзгөрдү, келип тааныша башташты.

- Азыр сынакта ким жеңери белгисиз да. Келечекте топ катары карьераңарды кантип түптөйсүңөр?

Талас Кемел уулу: - Биз өзүбүзгө чек койбогонго аракет кылабыз. Кыргызстанга ушул сынак аркылуу чыгарманы мыкты аткарып таанылып алсак, кийин КМШ өлкөлөрүн да багындыралы деп турабыз.

- Ушундай чоң сынактарда калыстар тобу жыл сайын таң калып келишет, "Кыргызстанда да ушундай таланттар барбы?" деп. Силерди кандай кабыл алышты?

Адилет Эркинбек уулу: - Бизге Орусиянын жылдыздары болгон Илья Резник, Филипп Киркоров, Ирина Дубцова, Игорь Крутой кол чаап отурушту.

- Сынакка качан жөнөп кетесиңер?

Илима: - Азыр белгисиз. Ал 20-майда билинет.

- Рахмат, ийгилик каалайбыз.


кошулду





"Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагына катышат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(88)
SUPER.KG видео
22.04.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
утушат кудайым буюрса!!! абдан сыймыктанам силер менен!!!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер !!!!
Класс !!!!
Молодцы!!!!
Удачи !!!!)))
22.04.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алдыга карай түптүз кете берсеңер ийгилик күтүп турат.
SUPER.KG видео
22.04.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иииий, садагалар десе, тимеле карап туруп көзүң тойбойт экен! Ушунчалык позитивдүү, таланттуу, сулуу балдар! Буларды былтыркы "Кыргызстан примитивная страна" деп тантыраган Айбекке, мурунку жылы барган Бекке дегеле салыштырып болбойт. Аябай байкаларлык, таланттуу команда барат экен быйыл, кубанып жатам өзүмчө эле кудуңдап. Ийгилик балдар!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жымындап жакшынакай балдар экен.АК ЖОЛ силерге!!!Грамотный ырчылар экен да,бир коргондо байкалды.ЖЕНИШ менен мекенге кайткыла!!!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Илима Алимандын синдиси эмеспи Админ?
22.04.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар ийгилик. Кыргызымдын желегин желбиретип,кучтуу мамлекет экенибизди далилдеп келгиле.Биринчиликти алып элдин оозун ачыргылачы.Биз кыргыздар музыкага бай, маданиятуу калк экенибизге дагы бир жолу ынанышсын.
SUPER.KG видео
22.04.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ввааауууу!!!! Успехов вам, ребята!!! Классные, красивые, позитивные, талантливые, энергичные !!!!!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жениш алып келишинерге ишенебиз! Молодцы!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы! Бирок былтыры Ким барып...... создон кабарчыга маек берип атып.Создон жанылып уят болду эле! Эс ке алынздар! Сиздер дагы ото шайыр экенсинер! Рахмат.Биз Ийгилик гана каалайбыз.Кыргыздын желегин желбиретуу чон жоопкерчилик! Эне тилди сыйланздар!Кыргыздын желегин которуп тили башка болбойт!Алга Кыргыз!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
super super.Udachi rebyata!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Вау! Эн сонун! Аябай жакты молодцы! Удачи!
22.04.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик!!!! силерди манас атабыз,курманжан датка энебиз,чынгыз агабыз колдоп,кыргызымдын желегин желбиреткилее алгаа кыргызстаным сонун суйлоп берипсинер!!!
22.04.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dastan13-99, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
22.04.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайрып келгилечи
SUPER.KG видео
22.04.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
molodcyyyyyy rebyata
SUPER.KG видео
22.04.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
oooooooooooooooooooooooooooooooooooo soz jok ayabai jakty talant barken 4yynn ele!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушунчалык позитивдуу топ экен озумчо эле суйунуп алдым силерден жеништин жыты келет алга ийгилик.
SUPER.KG видео
22.04.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алга силерге жениш калайм
SUPER.KG видео
22.04.2014. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынында абдан таланнттуулар экен,ушул таланттарды эми мамлекеттик денгеелде колдоп которуп жаны толкун башталганга ч-н абдан кызуу даярдашса албетте жениш алып келишет деп толук ишенем.Супер инфо сиздерден да сураныч ушул таланттарды колдоп даярдыктары тууралу маалымат берип турсаныздар биз да озубуздун ой пикирлерибизди айтып колдоп турсак. Коп тукурсо кол болот дегендей коптосок быйыл соссуз Кыргызстан жаны толкунда биринчиликти алабыз.АЛГА КЫРГЫЗСТАН!!!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер Супер Супер. Удачи ребята. Главное не участие главное победа. ;)
SUPER.KG видео
22.04.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ой азаматсынар!аябай позитивдуу жаштар экен,уй-булобуз менен кайра кайталап уктук ырларын.анча-мынча биздин жылдыздарга караганда 100%га жогору ырдашат экен,алардын жанына алып барып ырдатсан оздору эле качып кетчудой го.иий сонун жаштар экен аларды коруп ушундай ырчы болуп калсам деген да ой кетет экен.бизге аябай жакты,ден-соолук,ийгилик!ар дайым алдыга умтулуп журо бергиле.
SUPER.KG видео
22.04.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан шайыр балдарго,шляпа кийген бала тамашоудогу тамадалар камандасында ойногон балабы...???
SUPER.KG видео
22.04.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гитара черткен жигит тамашоу курама командасында ойного балада ээ? Ушул бала тууралу маалымат окугум келип жургон коптон бери. Супер-Инфо маалымат берип коюнуздарчы сураныч
SUPER.KG видео
22.04.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элмурза 89 кошулам мен да!!
SUPER.KG видео
23.04.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wowwww . Ийгилик силерге!
SUPER.KG видео
23.04.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Robin Thicke ft TI & Pharrell Williams – Blurred Lines
SUPER.KG видео
23.04.2014. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшы ырдашат экен
SUPER.KG видео
23.04.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dastan13-99, elmyrza_89,
Саламатсыздарбы! Сунушуңуздарга рахмат,сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
23.04.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: