super.kg logo

"Style Mix" триосу: "Жаңы толкун" сынагынын финалына өткөнүбүздү уккандагы сүйүнүчүбүздү айтууга сөз жетпейт"

 
Бири-бирине жагымдуу үндөрү, жылдыздуу келбети менен айкалышкан "Style Mix" триосунун солисттери.
"Style Mix" триосу.
Илима, 20 жашта. "Style Mix" триосунун солисти.
Талас Кемел уулу, 21 жашта. "Style Mix" триосунун солисти.
Адилет Эркинбек уулу, 22 жашта. "Style Mix" триосунун солисти жана гитаристи.
Келечекте мекендин сыймыгына айлана турган "Style Mix" триосу.

"Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагында Кыргызстандын намысын коргойт. Мындай кубанычтуу кабары менен бүгүн, 21-апрелде аталган топтун солисттери Талас Кемел уулу, Адилет Эркинбек уулу жана Илима SUPER.KG порталы менен бөлүшүштү. Келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчылар берилген суроолорго көңүлдөнүп жооп беришип, гитаранын коштоосунда ырдап отурушту.

- “Жаңы толкун” сынагынын финалына кандай өзгөчөлүктөр менен өтүп кеттик деп ойлойсуңар?

Адилет Эркинбек уулу: - Биз бул сынакка бир ай даярданганбыз. Тандоо туру 19-20-апрелде Латвия мамлекетинин Юрмала шаарында өттү. Сынакка катышуу үчүн жарым финалга Кыргызстандан Адилет Азимов жана Дастан аттуу жигит да барган. Буйрук экен, биз өтүп кеттик. Толкундануулар болду. Бирок элдин кол чаап, жакшы тосуп алганы ишенимибизди курчутту. Алардын колдоосу дем-күч берип, ырды мыкты аткарганга 100 пайыз күчүбүздү жумшадык. Ошентип, 2-турга өткөнүбүздү угузганда ошол түнү уктабай даярдандык. Эртеси ырдап чыккандан кийин финалга жолдомо ыйгарды. Эми ошондогу сүйүнүчүбүздү айтууга сөз жетпейт.

- Сынакка барууга ким жардам берди?

Илима: - Жардам бергендер көп болду. Алсак, кыргыз эстрадасындагы байкелер чоң жардам беришти. Эң негизгиси, Жаныбек Бакчиев, Алтынбек Сулайманов, Атай Бейшенбек уулу, Айбек Моноев аттуу агалар демөөрчү болушту. Достор, туугандар моралдык колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле бул жакта продюсерибиз Миргүл Эсеналиеванын эмгеги чоң.

- Силерге чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Ушул сынакта жеңүү үчүн кандай аракеттерди көрө баштадыңар?

Илима: - Кыргызстанды татыктуу даңазалоо үчүн катышууну гана эмес, жеңүүчү аталууну самап жатабыз. Өлкөбүздүн желегин желбиретип, Кыргызстанда да ушундай таланттуу адамдар бар экенин дагы бир ирет далилдегенге бел байладык. Хореография, вокалдык чеберчиликти арттыруу үчүн чоң даярдык алдыда күтүп турат.

- Силердин трио качан түзүлдү эле? Кандай себептерден улам "Style Mix" аталып калды?

Талас Кемел уулу: - Үчөөбүз бир жерде чогуу иштечүбүз, бири-бирибизди жакшы тааныгандыктан, топ түзүү идеясы жаралды. Көрсө, мурда эле ар бирибиздин көөдөнүбүздө "топ түзсөк" деген жакшы ой жашачу экен. "Жакшы тилек - жарым ырыс" дегендей, минтип биригип калдык. Биз бир багытта ырдабайбыз, рок, жаз, поп, RNB жанрында ырдаганды жактырабыз. "Style” - "стиль", "Mix" "аралаш" дегенди түшүндүрөт эмеспи. Ошондуктан байке менен ойлонуп отуруп топту "Style Mix" деп атадык.

- Буга чейин таанылбай жүрдүңөр эле, репертуарыңарда ырлар барбы?

Талас Кемел уулу: - Бир-эки ырыбыз бар, клип тартып жатабыз, жакында жарыкка чыкканы турат. Буюрса, дагы көп ыр жаздырабыз, келечек али алдыда.

- Башка өлкөдөн келген катышуучулар менен таанышууга үлгүрсөңөр керек. Алар менен өзүңөрдү салыштырып көрдүңөрбү?

- Адилет Эркинбек уулу: - Ооба. Алар менен ырдап да көрдүк, күчтүү экен. Дос болдук, сүрөткө түштүк. Чыгармачыл адамдар окшош болот эмеспи, тилибиз ар башка болсо да, бири-бирибизди түшүнүп жаттык. Германиядан барган Гладис аттуу кызды күчтүү дейт элек. Үнү укмуш экен. Башында барганыбызда эч ким көңүл бурбай, жаман карап жатышкан. Анан биздин аткаруубуздан соң көз караштары өзгөрдү, келип тааныша башташты.

- Азыр сынакта ким жеңери белгисиз да. Келечекте топ катары карьераңарды кантип түптөйсүңөр?

Талас Кемел уулу: - Биз өзүбүзгө чек койбогонго аракет кылабыз. Кыргызстанга ушул сынак аркылуу чыгарманы мыкты аткарып таанылып алсак, кийин КМШ өлкөлөрүн да багындыралы деп турабыз.

- Ушундай чоң сынактарда калыстар тобу жыл сайын таң калып келишет, "Кыргызстанда да ушундай таланттар барбы?" деп. Силерди кандай кабыл алышты?

Адилет Эркинбек уулу: - Бизге Орусиянын жылдыздары болгон Илья Резник, Филипп Киркоров, Ирина Дубцова, Игорь Крутой кол чаап отурушту.

- Сынакка качан жөнөп кетесиңер?

Илима: - Азыр белгисиз. Ал 20-майда билинет.

- Рахмат, ийгилик каалайбыз.


кошулду





"Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагына катышат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(88)
SUPER.KG видео
21.04.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озунчо еле конулду ачышат го.Ийгилик каалап кетмекчимин.Позитивдуу конулду чачып салышты го кыргызча ыры менен дагы. Чын еле коп стилдер аралаш екен. Акапелла менен пока кыргызча ыр уга елек болчум.
SUPER.KG видео
21.04.2014. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ооой азаматтар десе ,булар созсуз алдынкы орундардын бирин алып келишет.Аябай талантту экен баары.Ылайым жылдызынар жансын.
SUPER.KG видео
21.04.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гитарист тамашоунун балдары менен журот го дайыма
SUPER.KG видео
21.04.2014. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ууууууууууу, жакшы, "однообразие" болбой, айырмаланып турушат экен. Ийгилик каалайлы жаш муунга. Ушулардан бир нерсе чыгат деп "чымындарым" айтыватат. :)
SUPER.KG видео
21.04.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кудайым колдоп жакшы орун алып келгиле жакшы ырдашат экен.шляпачан милый элендей бериптир.
SUPER.KG видео
21.04.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оо молодцы ребята) удачи вам))
SUPER.KG видео
21.04.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вау гитара унун уксам чогуп турган маанайым которулот эле ырларын угуп андан да которулду конул ийгилик силерге!
SUPER.KG видео
21.04.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында аябай таланттуу жаштар екен!ырлары да соонун мага жакты!!соз жок!!супеер!!ийгилик силерге!!чыныгы талант силерде екен.жемиштуу ийгиликтердин баарын силерден кутсо болот!!баарынан да татынакай молтур карагат суйкумдуу кыздын ар бир кылыктары мени кызыктырдыго чиркин..,сулуу екен!суйуп калдымда ее..))
SUPER.KG видео
21.04.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
vau... Maga jaktynar. iygilik. adamdyn konulun kotorup koidunar. Talas maga jagyp kaldy. Kyrgyzcha yrynar sonun eken. Azamattsynar.
SUPER.KG видео
22.04.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодцы алга !!!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коноктору ушунчалыу кубанып жылмайып турганына карабай
алып баруучу кыз маанайы жокку негедир ххх ххх ххх
ошентседа ийгилик баарына алга жаштар мекендин желегин желбирете бергиле жакшылыкта алгааааа
Модератор admin_media түзөттү 22.04.2014 09:13
SUPER.KG видео
22.04.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Абдан позитивдуу топ экен ийгилик силерге,унунор булбулдун сайраганындай болуп адамды озунорго тартат экенсинер,ишенебиз силерге жана кутобуз ийгилигинерди,колдойбуз абдан толкундоо менен
SUPER.KG видео
22.04.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодцы ребята
22.04.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодецтер ийгилик. Бирок тааныбайт экем.. Кыргызымдын желегин желбиретип журо бергиле....Кыргызымдын эр азаматтары
22.04.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаттыкта ырдаган беленер мага аябай жаккан болчу . Новая волна сынагында Кыргызстандын желегин бийик которуп биринчиликти алгыла Ийгилик!!!! :-):-):-):-)
SUPER.KG видео
22.04.2014. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Udachi!!! 1 orundu alyp kelgile
SUPER.KG видео
22.04.2014. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсынар!!!!Алга алга жана да алга!!!
22.04.2014. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы!Ийгилик силерге,финалда!Женишке жетишинерге тилектешмин!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мыкты команда го!!!
SUPER.KG видео
22.04.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаш, таланттуу, сулуу ырчы кыз-жигиттер экен! Силерге ийгилик гана каалайм. Бар болгула! Ырларын угуп жыргап, маанайым которулуп калды:) Мындай темп менен кете берсенер дуйнону багындырасынар.
SUPER.KG видео
22.04.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
настолько позитивные, красивые, талантливые ребята. Бесконечно рада, что нас едут представлять такие МОЛОДЦЫ как вы. Удачи, мы в вас верим, за Вами вся огромная, светлая, далеко не "примитивная" страна)). АЛГАААААА!!!!
П.С. Айзатка,звезда ты наша, улыбнись плиз-ты такая хмурая((. на улице весна, все цветет и пахнет.
SUPER.KG видео
22.04.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Такие милаааашки. Удачи, ребята! Ммуууааахх...
SUPER.KG видео
22.04.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
880909,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: