УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Бүгүн “Атлетико” менен “Челси” кез келет
Мадридде өтө турган беттеш Бишкек сааты боюнча 00:45те орун алат.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алгачкы оюнунда бүгүн, 22-апрелде мадриддик “Атлетико” өз үйүндө лондондук “Челси” менен кез келет. Беттеш Бишкек сааты боюнча 00:45те орун алат.
Кошумчалай кетсек, бул командалар 2 оюндун жыйынтыгы менен Чемпиондор Лигасынын финалчысын аныкташат. Жооптук оюн 30-апрелде Лондондо өтөт.
Командалардын башкы машыктыруучуларынын оюн тууралуу пикирлери:
Диего Симоне, “Атлетиконун” башкы машыктыруучусу:
“Ооба, бул эки команданын оюну окшош. “Атлетико” да, “Челси” да коргонууда мыкты. 2 команда тең чабуулга өз маалында чыгат жана стандарттык абалдарда мыкты. Оюн кыйын болот”.
Жозе Моуринью, “Челсинин” башкы машыктыруучусу:
“Менин оюмча, бул беттешке кызыккандар көп жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында ойноону каалабаган машыктыруучу жана футболчу болбойт. Биз атаандашты сыйлайбыз. “Атлетиконун” оюнун изилдеп, анализдеп чыктык”. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Danel

22.04.2014. 14:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Челсиге ийгилик.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.