super.kg logo

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт

 

Бүгүн, 22-апрелде 16:30да Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Азиз Сулайманов жана Садык Мурзахановдун жеке сүрөт көргөзмөсүнүн бет ачары өтөт.

Көргөзмөгө чыгармачыл тагдырлары окшош жаш сүрөтчүлөрдүн живопистин салттык реалдуу багытындагы 40 экспозициясы коюлат.

“Садык Мурзахановду адамдын бардык жагынан ачып берген, түпкү сезимин изилдеген портреттер кызыктырат. Анын эмгектеринин көбүн адамдын портреттери түзөт. Ошондой эле анын сүрөттөрүнөн театр дүйнөсүн, балет өнөрүн көрүүгө болот. Ал эми Азиз Сулаймановдун чыгармачылыгы өзүнүн тереңдиги менен айырмаланат. Ал кебелбес тарыхый архитектуралык эстеликтерди айкалыштырат. Мындан тышкары сүрөтчүнүн эмгектеринде портрет жана натюрморттор бар",- деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы. 

Белгилей кетсек, көргөзмө 9-майга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.04.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SADYK ika чыгармачылыгынызга ийгилик каалайбыз уй-булобуз менен!!!!Талыкпай эмгектене бериниз,,,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: