super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев, жаңы мыйзам долбоору боюнча: "Кумтөрдүн“ ишин токтотуп, өлкөдөн чыгып кетем деген "Центерранын” жетекчилери камалат“  

 

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” боюнча дагы бир мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчилери 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы.  

“Кыргызстанда туруп өзүбүздүн укугубуздан пайдаланышыбыз керек. Учурда “Центерра” ар кайсы маалымат булактарынан “Кумтөрдү” токтотуп кетип калабыз, Кыргызстан өзү иштете албайт” деп коркутууда. Буга жол берилбеши керек. Эгер ишкананы токтотом десе, 12 жылга камалат. “Кумтөрдү” улутташтырабыз десек, алгач казыктарды кагып, чектерди коюп, анан эсептешишибиз керек”,- деди Өмүрбек Текебаев.  

Текебаев бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышына президенттик аппарат каршы экенин билдирди. “Буга президент кол койгон жок, бул маселе боюнча атайын жумушчу комиссия иштеп жатыптыр. Бул -шылтоо. Мен конкреттүү түрдө "Атамбаев каршы болууда" деп айта албайм, бирок администрациядагы эксперттердин күнөөсү бар деп олуттуу шектенем”,- деди депутат.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери "Кумтөрдүн" үзгүлтүксүз иштеши өлкө бюджети үчүн абдан маанилүү экенин, анын иштөөсү токтобошу керектигин белгиледи.  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: