super.kg logo
  Саясат  

Баткендеги көчмө жыйында Самаркандектеги суу каналын куруу долбоору боюнча парламенттик угуу өтөрү маалым болду

 

Бүгүн, 22-апрелде Баткен облусунда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети менен Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин биргелешкен көчмө жыйыны өттү.

Ага комитеттердин төрагалары Каныбек Иманалиев менен Жусупали Исаев баштаган депутаттар тобунан сырткары өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

Анда "эл аралык" макамы берилген "Баткен" аэропортун жана жолдорду оңдоо маселелери каралды. Көчмө жыйындын соңунда Ош – Баткен – Исфана стратегиялык жолунун Көк-Талаа – Пүлгөн тилкесине кошумча каржылоо маселесин чечүү боюнча өкмөткө кайрылуу жөнөтүү чечими каралды. Ошондой эле каржылоону жарым жылдыктын жыйынтыгы менен республикалык бюджетке киргизүү айтылды. 

Мындан сырткары Баткен шаарынын аэропортунун учуу тилкесин узартуу үчүн кошумча жер тилкесин бөлүү боюнча тиешелүү министрлик менен жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берүү белгиленди. Самаркандектеги суу каналын куруу долбоору боюнча эл аралык донор уюмдардын катышуусунда парламенттик угуу өткөрүү пландалды.

Ош – Баткен – Исфана жолу стратегиялык жол болуп саналат. Ал Кыргызстандын ички аймактарын эле эмес, коңшу Тажикстан менен Өзбекстан өлкөлөрүн да байланыштырып турат. Бул жолду калыбына келтирүү долбоору Дүйнөлүк банк, "Ислам" өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы сындуу эл аралык каржы уюмдарынын жардамы менен ишке ашырылууда. Ушу тапта Япониянын JIKA уюму менен да жеңилдетилген насыя алуу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жол Исфана – КПП Кайрагач – Маданият (34,77 чакырым), Баткен – Төрт-Күл (13 чакырым), Баткен –КПП Кызыл-Бел – Гүлстан (4,12 чакырым) түйүндөрүн байланыштырат. Ошондой эле Кулунду –Максат жолунда эки көпүрө курулуп, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жана Рават – Ак-Сай айланма жолдору да салынууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: