super.kg logo

Чолпон-Атада Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата сейил бак ачылат

 

Чолпон-Атада Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата сейил бак ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйналышында Осмоновдун 100 жылдыгы жөнүндө маселе каралып жаткан учурда уюштуруу комитетинин мүчөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, акындын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлүп, ал 32 адамдан турат.

"Акындын жарыкка чыкпай калган кол жазмалары көп экен. Аларды жыйнап, 3 томдук кылып чыгарууну пландап жатабыз. Мындан сырткары Чолпон-Атада акындын сейил багы ачылат. Ал үчүн 9,5 гектар жер бөлүндү. Ушундай эле сейил бакты анын кичи мекени Каптал-Арык айылында да түзүү пландалууда. Андыктан өкмөттүк деңгээлде токтом кабыл алынып, министрликтерге тапшырма берилсе жакшы болмок",- деди уюштуруу комитети.

Жыйынтыгында депутаттар бул өтө маанилүү иш-чара экендигин айтышып, аны колдоп беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: