Жылнаама, 23-апрель: Мындан 6 жыл мурун "Супер-Инфо" гезитинин расмий порталы "Медиа-портал" бөлүмү менен толукталган




Болот Миңжылкыев эл аралык, бүткүл союздук сынактардын катышуучусу жана Бүткүл союздук Ленин комсомолу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Ырчы тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үнү менен атактуу болгон. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.
Болот Миңжылкыев 2000-жылы 60 жашка караган курагында көз жумган.

Уильям Шекспир 1564-жылы 26-апрелде Англиянын Стратфорд деген шаарчасында кол өнөрчү-соодагердин үй-бүлөсүндө туулган. Англиядагы мыкты мектептердин биринен окуп, андан латын жана байыркы грек тилин үйрөнүп, Грек - Рим дүйнөсүнүн тарыхы жана адабияты менен таанышкан. Алган билими кийинки чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизген.
Уильям Шекспир өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө 37 пьеса, 17 комедия, 11 трагедия, 5 поэма жана 150дөн ашык сонет жазган. Анын "Жаңылыштык комедиясы" (1592), "Азоого чалма" (1593), "Генрих Vl" (1590-1592), "Ричард lll" (1593) пьесаларынын негизги идеясы мамлекетти бириктирүү зарылдыгы жана феодалдык анархияны жоюу болгон. Шекспир дүйнөлүк драматургияда биринчи болуп пьесаларын миф, легендаларга аралаштырбай, күрөшүүнү түздөн-түз реалисттик жол менен чагылдырган. Экинчи мезгилдеги "Ричард lll" (1593), "Ромео жана Жульетта" (1595), "Виндзордогу ойсокелер" (1598), "Он экинчи түн" (1600) драмаларында турмуштун карама-каршылыктарын терең сүрөттөп, алардын гармониялуу чечилишине ишеним көрсөтөт. Шекспирдин чыгармачылыгынын үчүнчү мезгили (1600-1608) Англиянын коомдук-саясий турмушунун бурулуш жылдарына туш келет. Ушуга байланыштуу трагедиялык кырдаалдагы социалдык-философиялык чыгармалары "Гамлет"(1601), "Король Лир" (1605), "Отелло" (1604), "Макбет"(1606), "Тифон Афинский" (1608) жана башкалары жаралган. Уильям Шекспир реалист-гуманист болгон. Ал өзүнүн чыгармачылыгында зор көркөмдүк күч менен пайдакерчилик, арамдык, жүзү каралык, адамдын тагдырына зыянкечтик кылуу сыяктуу көрүнүштөрдүн бетин ачкан. Анын чыгармаларындагы айрым образдар аркылуу көрсөтүлгөн.
Жылнаама толугу менен бул жакта...
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.