super.kg logo

Азиз Сулайманов менен Садык Мурзахановдун сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү (фоторепортаж)

 
Эки жаш сүрөтчүнүн эмгектерине күбө болуу үчүн алардын устаттары бул көргөзмөгө келишкен.
Көргөзмөгө келген көрүүчүлөр
Көргөзмөгө келген көрүүчүлөр
Садык Мурзаханов жана Азиз Сулайманов устаттарына ыраазычылык билдиришти.
Жаш сүрөтчү Азиз Сулайманов
Жаш сүрөтчү Садык Мурзаханов
Көргөзмөнүн лентасы кесилди.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө музыканттар аспаптарда кол ойнотушту.
Көргөзмөгө коюлган портреттер
"Шаистанын портрети", автору Садык Мурзаханов.
"Мечитке кирүү", автору Азиз Сулайманов.
"Бухара", автору Азиз Сулайманов.
"Элчи, акын Акбар Рыскуловдун портрети", автору Азиз Сулайманов.
Көргөзмөгө келген эл кызыгуу менен жаш сүрөтчүлөрдүн эмгегин баалашууда.
"Тимур Саламатовдун портрети", автору Садык Мурзаханов.
"Бахиянанын портрети", автору Садык Мурзаханов.
"Таятам", автору Азиз Сулайманов.
"Айнагүл Курманованын портрети", автору Садык Мурзаханов.
"Корсар" балети, автору Садык Мурзаханов.
"Суктанарлык ак куу", автору Садык Мурзаханов.
"Виолончелде ойногон кыз", автору Садык Мурзаханов.
"Улак тартыш", автору Азиз Сулайманов.
"Кыргыз аялынын элеси", автору Садык Мурзаханов.
"Абдылда Салиевдин портрети", автору Садык Мурзаханов.
"Устат Маратбек Шарафидинов", автору Садык Мурзаханов.
"Академик Миталип Мамытовдун портрети", автору Садык Мурзаханов.
"Сайкал Садыбакасованын портрети", автору Садык Мурзаханов.
"Эне", автору Азиз Сулайманов.
"Көч", автору Азиз Сулайманов.
"Боз үйдөгү балдар", автору Азиз Сулайманов.
Азиз Сулаймановдун эмгеги
"Сүймөнкул Чокморовдун портрети", Садык Мурзаханов.
"Чыңгыз Айтматовдун портрети", автору Садык Мурзаханов.
"Менин чоң энем", автору Садык Мурзаханов.
"Атамдын портрети", автору Садык Мурзаханов.
"Чоң ата", автору Садык Мурзаханов.
"Балерина Аккар", автору Садык Мурзаханов.
"Даярдык маалында", автору Садык Мурзаханов.
Көргөзмөгө 40 экспонат коюлган.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
"Жай", автору Азиз Сулайманов.
Жаш сүрөтчүлөрдү достору куттукташууда.
Бүгүн, 22-апрелде Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде жаш сүрөтчүлөр Азиз Сулайманов менен Садык Мурзахановдун сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Ага сүрөтчүлөрдүн устаттары Сүйүтбек Төрөбеков, Догдурбек Нургазиев, Маратбек Шарафидинов катышып, шакирттери жараткан ийгиликтерине кубанып жатышканын белгилешти.
Азиз Сулайманов: “Буга чейин мен сүрөттөрдү сатып жиберчүмүн. Анан тарткан сүрөттөрдү чогултуп, көргөзмөгө коюуну чечип, досум Садык экөөбүз бул көргөзмөнү уюштурдук. Эмгектеримди эл кандай кабыл аларын көрөйүн дедим. Эң башкысы, устатым Сүйүтбек агайдын мактаганы мени кубандырды. Мага көбүнчө живопись жакын. Анткени сүрөтчү ойлоп таап, өзүн өнүктүрүү максатында композитор болушу керек”,- дейт
Ал эми Садык Мурзаханов: “Балет – эң оор искусство. Ошондуктан мен бул жаатта эмгектенген адамдарды сахнанын артында көргөзгөнгө аракет кылдым. Пейзаж мени анча деле кызыктыра бербейт, ошондуктан эмгектеримдин көбүн портреттер түзөт”,- деп ой бөлүштү.

Садык Мурзаханов Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында 1988-жылы туулган. 2005-жылы Ноокаттагы Т.Садыков атындагы Сүрөтчүлөр академиясынын алдындагы көркөм гимназияны бүтүргөн. 2010-жылы ошол эле академиянын театр жана кино факультетин аяктаган.

Азиз Сулайманов Өзбекстандын Найман айылында жарык дүйнөгө келген. 2005-жылы Ноокаттагы Т.Садыков атындагы Сүрөтчүлөр академиясынын алдындагы көркөм гимназияны бүтүргөн. 2010-жылы аталган академиянын станоктуу живопись факультетин аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
22.04.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы талант ээлери эмгегинерге таазим. Мындан да кооп кооп мыкты эмгектерди жаратып, бизди суйунто бериниздер
22.04.2014. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik alga! !!
22.04.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунарга береке .....
27.04.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shedevr
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: