Ош. Депутат Дастан Бекешев студенттер менен жолугушту





Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев келип, студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда ректор Бекмурза Зулуев студенттер жөнүндө жалпы маалымат айтып, ийгиликтерге токтолуп, окуу жайдын абалы менен депутатты тааныштырды. «Жаштар арасында деле Кыргызстандын келечегин ойлогон, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келе жаткан депутаттар жок эмес. Алардын бири менен бүгүн жолугушуп отурабыз, мындай жаштардан студенттер үлгү алса болот»,- деди Зулуев.
Жолугушууда эл өкүлү студенттердин суроолоруна жооп берип, Кыргызстандын бүгүнкү саясий абалы жөнүндө кенен маалымат берип өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.