Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
Орусия президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге жаңы жылдык куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрь күнү президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Владимир Путин жалпы Орусия элинин атынан кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бакыт, тынчтык жана өнүгүп-өсүүнү каалады. “Сентябрь айындагы Бишкекке болгон жумушчу сапарды ырахат менен эскерем, анда эки тараптуу бир топ маанилүү маселелерди чечкенбиз. Ал келишимдер келечекте кыргыз-орус достук мамилесин бекемдейт”,- деп жазылат куттуктоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

