super.kg logo

Ошто  “Бар бол, жоокер жердешим” аттуу жолугушуу кечеси өттү

 

Бүгүн, 23-апрелде Ош мамлекеттик университетинде “Бар бол, жоокер жердешим” деген аталышта кече уюштурулуп, анда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуу болду. Кечеде Ош шаарынын ардактуу атуулдары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Василий Секерин, Өмөш Мурсалиев, эмгек ардагерлери Уктам Шамшидинов, Инат Максутовдор менен окутуучулар, студенттер жолугушуп, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жана жоокерлери жөнүндө видеотүрмөк көрсөтүлдү. 

Ошондой эле “Менин жоокер жердешим: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталышта студенттер, агай-эжейлер тарабынан коюлган фотолордун, аскердик альбомдордун, дубал гезиттердин сынагы уюштурулду.

Жыйынтыгында гуманитардык жана математикалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Райкан Турганбаева кафедранын атынан кандуу согушта каармандык көрсөткөн ардагерлерге ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлыктарды, белектерди тапшырды. Жолугушууда концерттик программа тартууланып, сый тамак уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: