super.kg logo

Бишкекте "Китепстан" көргөзмөсү өткөрүлдү (фоторепортаж)

 
Көргөзмөгө коюлган китептер.
"Кыргызстандан кагылайын" китеби, автору Юсуп Сайпиев. Бул китептеги сөздүн баары "К" тамгасынан башталат, 5555 сөз камтылган. Анда маданият, тарых, каада-салт тууралуу жазылган.
"Кыргызстандан кагылайын" китебинин ички көрүнүшү.
Көргөзмөгө коюлган китептердин авторлору.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Ырчы Омар да бул көргөзмө келген. Омар: "Мен акыркы убакта көбүнчө дин китептерине басым жасайм. Кечкисин дайыма дуба китептерин окуйм. Анткени ал жан дүйнөңдү агартып, жүрөгүңдү тазалайт".
Көргөзмөгө дин китептери да коюлган.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
"Куттуу Куран" китебинин ички көрүнүшү.
Көргөзмөгө келген жаштар көп болду.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн
Көргөзмөгө чет элдик китептер да коюлган.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө концерттик программа уюштурулган, аны Мирсулжан Намазалиев алып барды.
Аземге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи жана акын-жазуучулар катышты.
Аземге күбө болгон эл.
"Китеп искусствосу-2014" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты.
"Китеп искусствосу-2014" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты.
Баш байге “Манас. Семетей. Сейтек” китеби үчүн “Кут бер” басмаканасына ыйгарылып, статуэтка жана 20 миң сом менен сыйланды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Бүгүн, 23-апрелде Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин жанында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди. Ага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи жана акын-жазуучулар, ырчылар катышты. Алар өз сөзүндө китеп түбөлүктүү маданияттын бир бөлүгү, жашоонун азыгы, акылды, аң-сезимди өнүктүрүп, дүйнө таанымды жогорулатууда орду чоң экендигин баса белгилешти. Көргөзмөгө келгендер кызыккан китептерин сатып алып жатышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө басмаканалар арасында жарыяланган “Китеп искусствосу- 2014" республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, ар кандай сыйлыктар тапшырылды. Баш байге “Манас. Семетей. Сейтек” үчилтигин чыгарган “Кут бер” басмаканасына буюруп, статуэтка жана 20 миң сом ыйгарылды. 

“Өнөр” сыйлыгы – “Кыргызстан - земля кочевников” деген китеби үчүн, “Раритет” басмаканасы;

“Жеткинчек” сыйлыгы – “365 күн жомок” китеби үчүн, “Имак Офсет” басмаканасы;

“Мурас” сыйлыгы – “Шабдан баатыр” китеби үчүн, “Бийиктик плюс” басмаканасы;

“Замандаш” сыйлыгы – “Избранное” китеби үчүн, “Бийиктик”басмаканасы;

“Илим” сыйлыгы – “Эпидемиология” китеби үчүн, “Полиграфбумресурс” басмаканасы;

“Чеберчилик” сыйлыгы “Манас. Семетей. Сейтек” үчилтиги үчүн “Кут бер” басмаканасына берилди.

Жогорудагы жеңүүчү аталган басмаканаларга дипломдор жана 10 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, өнөр ээлери майрамдык маанай тартуулашты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: