Вашингтондо 240 корозуна жана 60 тоогуна булчуң чыгаруучу дары берген жаран камакка алынды

АКШнын Вашингтон штатында 240 корозун жана 60 тоогуна булчуңдарды чыгаруучу зат берип уктатып койгон жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлгөн канаттуулар Уго Чавес аттуу мырзага таандык болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын Мексикадагы жана Портлендеги короз уруштурууга катыштыруу үчүн канаттууларына булчуң чыгаруучу дарыларды берип жүргөндүгү аныкталган.
Чавеске кылмыш иши козголуп, 2 жылдан бери тергөө амалдары жүрүп келген. Эми гана канаттуулардын кожоюну камакка алынып отурат. Сот ага "жаныбарларды кумар оюндарына пайдалануу үчүн аларга зордук-зомбулук көрсөттү" деген айып тагууда.
Белгилей кетсек, АКШнын 50 штатында короз уруштурууга тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
2

Бизде жаныбар эмес адам олтуруп жаткандар камалбай жатат....
Кимдир-бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө жол берилбейт.