super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев ЖКнын төрагасы, премьер-министр жана Жогорку Сотун төрайымы менен жолугушту

 

Бүгүн, 2012-жылдын 31-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен жолугушту.  Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда 2012-жылдын жыйынтыгы жана өлкө жетекчилигинин келе жаткан 2013-жылга иш мерчемдери талкууланды. 2012-жыл Кыргызстандын жарандары үчүн жөнөкөй эмес болгондугу, бирок эң башкысы, саясий туруктуулук сакталып, экономиканы өнүктүрүү жана ири, анын ичинде Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн негиз түзүлгөндүгү белгиленди. “Кыйынчылыктарга карабастан, өлкө туура багытта бара жатканына, келерки жылы мыйзамдын артыкчылыгын бекемдөө, коррупция менен күрөшүү жана өлкөнүн экономикасын кыйла туруктуу негизде өнүктүрүү боюнча дагы көбүрөөк иштеш керек экенине ынандык. Мына ушуга өлкө жетекчилигинин да, ошондой эле ар бир жарандын да күч-аракети жумшалышы керек”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев. Президент Алмазбек Атамбаев бийликтин бардык үч бутагынын башчыларына Жаңы жылда Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн  ийгиликтерди каалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: