Гүлнур Сатылганованын "Керемет дүйнө" концерти башталып, ырчы Жер шарынын ичинен чыкты








Бүгүн, 23-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова "Керемет дүйнө" аталышындагы жеке концертин тартуулоодо. Ырчы көптөн бери жеке концертин бербегенгеби, күйөрмандары залдын 100 пайызын ээледи.
Автор: Дамира Арстанова
Фото: Дамира Арстанова
Ошентип, сахнанын көшөгөсү ачылып, Жер шарынын ичинен көптөн күткөн ырчыбыз чыгып, "Асман" ырын тартуулады. Бул ырынан кийин ал эл менен амандашып, көрүүчүлөрдү бүгүнкү ыр майрамы менен куттуктап, "Туулган жер", "Нандын жыты" ырларын сунду.
Мындан соӊ ырчы сахнага телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков менен ырчы Омарды чакырып, аларга концерттин алып баруу тизгинин тапшырды.
Учурда ыр майрам ырчынын жандуу ырлары, чимириле бийлеген бийчилердин бийлери, "Камбаркан" фольклордук ансамблинин күүлөрү, анан, албетте, элдин шаӊдуу колдоосу менен өтүп жатат.
Гүлнур Сатылганова Майкл Жексонго ыр арнады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
8

таазим кылам.
A konsert mykty otuptur.