super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

 

КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жалпы Кыргызстандын калкын Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй: 

"Урматтуу кыргызстандыктар, мекендештерим! Биз кирип келе жаткан 2013-жылды илгери үмүт, аруу тилек жана бекем ишеним менен тосуп жатабыз. Өлкөбүздүн алдында турган оор милдеттерди ийгиликтүү чечип, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ал үчүн баарыбызга бекем эрк, келечекке болгон улуу ишеним керек. Жаңы жыл ак эмгектин, мамлекетибиздин өсүшүнө тоскоол болуп жаткан кемчиликтер менен күрөшүүнүн жылы болоруна ишенем. Анткени азырынча ишибизде ийгиликтерге караганда кемчиликтер көп экенин моюнга алабыз. Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыктар үчүн өкмөттүн жана өзүмдүн атымдан элден кечирим сурайм. Быйыл өндүрүштүн көлөмү төмөндөп кетти. Бирок буга карапайым эл күнөөлүү эмес. Ар бириңиздер, дыйкандар жана фермерлер, ишкерлер жана мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер кайратмандык менен эмгектенип, чоң иштерди жасадыңыздар, бул чындык. Кыргыз өкмөтү өз кемчилигинен чоң сабак алды. Мен ачык айтайын, азырынча мактана турган көп нерсебиз жок, бирок жаңы жылда элдин үмүтүн актоо үчүн алдыга койгон чоң максаттарыбыз бар. Экономиканын түзүлүшүн жакшыртып, жакшы натыйжага жетүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, бул аракетибиздин жыйынтыгын эли-журтубуз айкын сезе турган күн да алыс эмес. Урматтуу мекендештер, сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элибиз айткандай, "жакшы тилек - жарым ырыс". Жаңы жылды жакшы тилек, ой-максаттар менен тосолу. Жаңы жыл биринчи кезекте үй-бүлөлүк майрам, балдарыбыз чыдамсыздык менен күткөн күн. Мен ар бир үй-бүлөгө ынтымак, бакыт, чың ден соолук каалайм. 2013-жыл өсүп-өнүгүүнүн, жакшы саамалыктардын жылы болсун. Ак пейил тилектерибиз кабыл болсун. Мамлекетибизде дайыма биримдик, тынчтык бакубатчылык орносун" деп айтылат куттуктоодо.






Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Жаңы жылдык куттуктоосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: