super.kg logo

Гүлнур Сатылганова концертинде Майкл Жексонго ыр арнады (фоторепортаж)

 
Гүлнур Сатылганова Жер шарынан чыгып, элге "Асман" ырын тартуулады.
Ырчы "Камбаркан" фольклордук ансамблинин коштоосунда ырларды аткарды.
Концерттин жүрүшүнөн.
Ырчы кайсы темада ырдаса, сахна жасалгасы ошого жараша өзгөрүп жатты.
Кыргыз элинин белгилүү ырчысы Зейнеп Шаакеева көрүүчүлөрдүн катарынан орун алып, ырчыга гүлдесте сунду.
Ырчыны профессионал музыканттар коштоду.
Концертте ырчыны "Жаш кыял", "Ханыша", "Will`be", "Remix" бий топтору коштоду.
Гүлнур Сатылганова "Туулган жерди сагынуу" ырын аткарганда сахна жасалгасы айыл жергесин чагылдырды.
Концерттин алып баруучулары Эркин Рыскулбеков жана Омар.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
"Will`be" бий тобу элге бий тартуулоодо.
Концертте Гүлнур Сатылганова жаш ырчылар менен дуэт аткарды.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Көрүүчүлөр сурантпай кол чаап, ырчыны кубаттап отурушту.
Эркин Рыскулбеков Гүлнур Сатылгановага Рекорд деген лакап ат ыйгарып, анын кыргыздын эң жаш Эл артисти экенин айтты.
"Style Mix" тобу да өз өнөрүн тартуулады.
Гүлнур Сатылганова "Style Mix" тобу таланттуу жаштардан куралгандыгын айтып, аларга ийгилик каалады.
"Гүлнур эжем аккордеон менен жандуу ырда" деди. Мен үчүн эжемдин айтканы мыйзам" деп "Эркинай" ырын аткарды.
Концерттин жүрүшүнөн.
Бүгүн, 23-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова "Керемет дүйнө" аталышындагы жеке концертин тартуулады. Кече саат туптуура 18:40та башталды. Ырчы көптөн бери жеке концертин бербегенгеби, күйөрмандары залдын 100 пайызын ээледи. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүн улуу муундагы апалар, ага-эжелер түзүштү. Алардын арасында кыргыздын белгилүү ырчысы Зейнеп Шаакеева да отурду. Ал ырчыга гүлдесте сунуп, ийгилик каалады. 
Көшөгө ачылып, сахна космос ааламына айланып, бийчилер бийлеп киришти. Бир убакта сахнанын так ортосунда Жер шары пайда болуп, анын ичинен көптөн күткөн Гүлнур айым чыгып, "Асман" ырын тартуулады. Бул ырынан кийин ал эл менен амандашып, көрүүчүлөрдү бүгүнкү ыр майрамы менен куттуктап, "Туулган жер", "Нандын жыты" чыгармаларын сунуп, сахнага телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков менен ырчы Омарды чакырып, аларга концерттин алып баруу тизгинин тапшырды.
Эл артистинин кечесине аябай даярдангандыгы сахнанын жасалгасынан, "Камбаркан" фольклордук ансамблинин, музыканттардын коштоосунда жандуу ырдап, улам жаңы формаларды кийип чыкканынан эле билинип турду. 
Жеке концерт деп ушуну айтыш керек. Деген себебим, концертте жалаң ырчынын өз аткаруусундагы ырлары жаңырды. Бек Борбиев жана "Style Mix" тобунун гана бирден ыр аткарганы болбосо, Гүлнур Сатылганова концертине келген конок ырчылар Арсен, Мирбек Атабеков, Бек Борбиев, Айар жана "Style Mix" тобу менен дуэт ырдады. Эң кызыгы, ырчы концертинде "Бул ырды кандай кабыл аласыздар, кандай сындарды айтасыздар билбейм. Аны мага кытайлык ырчы Куандык Жаасын уулу сунуштаган. Өзүмө жакты. Бул ыр дүйнө жылдызы Майкл Жексонго, деги эле көзү өтүп кеткен ырчыларга арналат" деп "Таазим" аттуу ырын тартуулады. Келген эл бул ырды өзгөчө кабыл алды.
Таланттуу ырчыбыз 4 саат бою Ата Мекен, сүйүү, ата-эне жана жашоо тууралуу ырларды тынбай ырдап, күйөрмандарына эң жакшы маанай, эстетикалык рахат тартуулай алды. Концерттин соңунда бул кечеге катышкан бардык ырчылар сахнага чыгып, Гүлнур Сатылганованын "Каалайм сага" деген ырын ырчыга сюрприз катары тартуулап, бирден роза гүлүн сунушту.
Ошентип, билетке 700-1000 сом коротуп келген эл сахнанын көшөгөсү жабылганга чейин кол чаап ырчыны узатып, көңүлдүү маанайда тарап кетти.





Гүлнур Сатылганова Майкл Жексонго ыр арнады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(91)
24.04.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип еле коро албагандары жакпайт адамдар
24.04.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da Maikldyn fanatymyn,yr4y bolsom taazim kylmakmyn.
SUPER.KG видео
26.04.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин жакшы коргон ырчым.Чыгармачылык ийгилик каалайм изге.
SUPER.KG видео
26.04.2014. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай сонун концерт болуптур баардыгы оз орду менен барбай калганыма окунуп калдым Гулнур эжеге чыгармачылык ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
26.04.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
гулнур эженин голосунда кеп жок)сыйлайм эжекени
SUPER.KG видео
26.04.2014. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушуну концерт десе болот жандуу ун калп эле башка ырчылар фонограмманы койуп концерт коюшуп Азаматсыз!
SUPER.KG видео
26.04.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соонун болуптур концерт бирок мен соонун болушуна не сомневалась Гулнур Сатылганова биздин замандын легендасы десем жанылышбайм.
SUPER.KG видео
26.04.2014. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун болуптур чындап эле рахат алчуудайсын. атына жараша татыктуу концерт бериптир
SUPER.KG видео
26.04.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнур эже азаматсыз,талантынызга таазим. сизди аял затынын эн мееоимдуу кучтуу акылдуу мээримдуу иши кылса сизде айтып буткус нерселери журогунуздо жашайт десем эч жанылышпасам керек. ошко концерт койсонуз кучак жайып тосуп алабыз ош Шаары сизди кутот
SUPER.KG видео
26.04.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн... алдынкы концерттердин катарын толуктаптыр.Гулнур эже сизге ден -соолук ,чыгармачылыгынызга албан -албан ийгилик,уй-булонузго баакыт каалаймын....
Бек байке менен Гулнур эже биргеликте жандуу ун менен ырдаса ыраахат аласынго чиркин.....
SUPER.KG видео
26.04.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эмне учун Рыспай Абдыкадыров чубак сатаевтерге ыр арнабай кайактагы майкл жексонго арнады екен?
SUPER.KG видео
26.04.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamatsyz gulnur eje siz super aiymsyz
SUPER.KG видео
26.04.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Примадона! Концерт мыкты болуптур. Ийгилик сизге
SUPER.KG видео
26.04.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гулнур эже талантынызга таазим концерт как всегда эн жогорку денгээлде отуптур!
SUPER.KG видео
26.04.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсыз гулнур жандуу концерт болуптур
SUPER.KG видео
26.04.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эже сизге не болгон каяктагы адамдарга ыр арнап кыргыз жигиттери калбай калды беле
SUPER.KG видео
26.04.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гульнур эжеке соз жок Жогорку денгелде болуптур,баргым келген ушунчалык....шарт болбоду коруп алып менда толкундандым аябай....биздин сыймыгыбыз,биздин чыныгы ырчы айымыбыз...соз жок сизге..сиз баардык жакшы создорго татыктуусуз...сизге жон гана чыгармачылык ийгилик каалагым келет...бар болунуз...
SUPER.KG видео
26.04.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
гулнур эженин бек байке менен ырдаган дуети аябай жакты, концерт жогорку денгелде болуптур,ишинизге ийгилик каалаймын гулнур эже.
SUPER.KG видео
26.04.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер!!! Мындай денгеелдеги концертти баардык эле ырчынын концертинен коро албайсын. Талантынызга таазим Гулнур эжеке!!! Чыгармачылыгынызга чон-чон ийгилик жана аялзатына тиешелуу баардык бакытты каалайм!!!
SUPER.KG видео
26.04.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне эле кулагын чукуп атат. наушниктери иштебей атат го э же кулагынан тушуп кеткен го....
SUPER.KG видео
26.04.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сонун концерт болуптур.ммм мен да болсом бармакмын.ийгилик Гулнур эже!
SUPER.KG видео
26.04.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун болуп ишинезге ийгилек
SUPER.KG видео
26.04.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болуптур.Ийгилик,дайыма ушундай концерттерди элге тартуулап журо берин.Сизди урматайбыз, сыйлайбыз бар болун Гулнур эже.
SUPER.KG видео
26.04.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы концерт болуптур)) жандуу үн менен ырдаганы өзгөзө
SUPER.KG видео
26.04.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Концерт жакшы отуптур талантыныз башкача талант.сизди колдогон Растовтук куйормандарыныз.
SUPER.KG видео
26.04.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулнур эженин талантын баалайм. Ар бир ыры адамдын журогуно жетет. Омурунуз узун болсун,дагыда жакшы ырларды жарата берин. Сиздин куйормандарыныз аябай коп,дегим келет.
SUPER.KG видео
26.04.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бул эжеге жон гана таазим этем..... сындаганга акыбыз деле жок болуш керек....
SUPER.KG видео
26.04.2014. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мага да БЕрадор байкебиз экоо дует ырдаганы тим эле жарашып калыптыр!
SUPER.KG видео
27.04.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимдин кандай адам экенин анын кылган ишинен билсе болот. Азаматсыз озунузду мыкты адам экенинизди корсото алдыныз. Ийгилик сизге.
SUPER.KG видео
27.04.2014. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыз Гүлнур эже! КРдагы эң алдынкы, эң мыкты концерт болуптур десек да болчудай, өтө сапаттуу өткөнсүптүр, концерттин толук тасмасын көрүүгө ашыгып турабыз. Кытайга келип концерт бергениңизде да эл абдан сонун кабыл алган, баса, Жексонго ырдаган ырыңыздын обонун бир жерден уккандай турам же Жексонбайдын эле обонубу?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: