Кочкор районуна көчмө медициналык борбор жөнөтүлдү
Нарын облусунун Кочкор районуна көчмө медициналык борбор жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, министрлик Ак-Жар айылына окулист, педиатр, стоматолог, ички оорулар боюнча адис, аллергияны изилдөөчү адис жана неврологдордон түзүлүп, 9 адамдан турган медициналык бригада жөнөттү. Көчмө медициналык борбор 3 күн бою заманбап медициналык жабдуулар менен аталган айылдагы мектеп окуучуларын жана мугалимдерди медициналык кароодон өткөрөт. Эске салсак, аталган айылдагы мектеп 2007-жылы колдонууга берилген. Бирок учурда авариялык абалда. Ошол себептен 400дөн ашуун окуучу чатырларда окуганга мажбур болгон. |
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-02
8:37
2025-07-02
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.