Кыргызстандын өкүлдөрү Түркияда өтүүчү илимий олимпиадага катышышат
Кыргызстандын өкүлдөрү 24-майда Түркиянын Эскишехир шаарында өткөрүлчү илимий олимпиадага катышышат. Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин 24-апрелде билдирген маалыматына караганда, ага 16 мамлекет катышары күтүлүүдө. Алардын арасында Азербайжан, Түндүк Кипр, Татарстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Македония, Косово, Албания, Молдова, Крым жана Башкортостан бар.
Олимпиаданын максаты илим жана технологияны өнүктүрүү болуп эсептелет. Бул олимпиаданын алкагында 100 долбоор көрсөтүлөт. Анда “Дизайн жана ойлоп табуу” темасында жеңүүчү аталган окуучуларга жана окутуучуларга 14 миң АКШ доллары тапшырылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан бул олимпиадага 4 окуучу жана 1 окутуучу катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.