super.kg logo

Оштогу Бабур театрынын "Ханышанын көз жашы" спектакли Түркмөнстанда өткөн эл аралык фестивалда атайын дипломго ээ болду

 

Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык драма театры 14-18-апрелде Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтчү эл аралык театр фестивалда “Ханышанын көз жашы” аттуу спектаклин тартуулаган эле. Бүгүн, 25-апрелде театрдын жетекчиси Бахтияр Тухтаматов фестивалда бул спектакль атайын дипломго ээ болгонун билдирди. 

"Эл аралык фестивалга 13 мамлекет катышты. АКШ, Орусия, Иран, Франция, Германия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Эфиопия жана башка мамлекеттерден келген артисттер өз спектаклдерин коюшту. Биздин спектакль атайын дипломго ээ болду. Буга чейин бул чыгарма Тажикстанда өткөн эл аралык театр фестивалында баш байгени, 2009-жылы Ташкентте өткөн фестивалда 2-орунду камсыз кылган",- дейт театрдын жетекчиси. 

Белгилей кетсек, бул чыгарма Султан Раевдин калемине таандык. Койгон режиссёру - Алмаз Сарлыкбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.04.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабур дебей башка ат коюп коюшса болбойбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: